| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН АГА ОКУТУУЧУ, ОКУТУУЧУ ЖАНА АДИСТЕРДИ ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 51 |
| Кабыл алганы | 12.07.2018 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО АГА ОКУТУУЧУ ОКУТУУЧУ АДИС |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН АГА ОКУТУУЧУ, ОКУТУУЧУ ЖАНА АДИСТЕРДИ ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетине толук айлык акы менен иштей турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо тартибинин жол-жоболорун аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде толук айлык акы менен иштей турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо тартибинин жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына жана башка ченемдик укуктук документтерге ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты; |
|
YDS: |
Түркия Республикасындагы чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы. |
|
KPDS: |
Түркия Республикасындагы мамлекеттик кызматкерлердин чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы; |
|
ÜDS: |
Түркия Республикасындагы университеттер аралык чет тили боюнча сынагы; |
|
YÖKDİL: |
Түркия Республикасындагы ЖОЖдордун чет тил сынагы; |
|
ALES: |
Түркия Республикасындагы академиялык курамдын мүчөлүгүнө талапкер болуу жана магистратура/докторантура программаларына тапшыруу сынагы; |
|
GRE: |
Graduate Record Examination; |
|
GMAT: |
Graduate Management Admission Test. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Жалпы жоболор жана талаптар
5-берене. Ага окутуучу, окутуучу жана адистерди дайындоого байланыштуу жалпы жоболор төмөндөгүдөй:
-
Түркия Республикасынын жараны болгон талапкерлер ALES боюнча кеминде 60 баллга же бул сынакка эквиваленттүү GRE же GMAT сыяктуу эл аралык сынакты тапшыргандыгы тууралуу сертификатка ээ болуусу керек. Бул документтерге ээ болгон талапкерлер сынактан бошотулушат. Баллдардын эквиваленттүүлүгүн эсептөөдө Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу сынактарынын эквиваленттүүлүгү боюнча таблицасы” колдонулат. Түркия Республикасынын жараны болгон талапкерлер ALES же ага эквиваленттүү эл аралык сынакты тапшыргандыгы тууралуу сертификатка ээ болуусу шарт. Түркия Республикасынын жараны болбогон талапкерлер да ALES же ага эквиваленттүү эл аралык чет тил сынагын тапшыргандыгы тууралуу сертификат менен кошо документтерин тапшыра алышат. ALES же башка эл аралык чет тил сынактарында берилчү сертификаттар сынак өткөрүлгөн күндөн тарта беш жылга чейин жарактуу болот. Түркия Республикасынын жараны болбогон жана ALES же ага эквиваленттүү башка эл аралык чет тил сынагын тапшыргандыгы тууралуу сертификатка ээ болбогон талапкерлер үчүн сынак уюштурулат. Ректорат түзгөн бул комиссия тарабынан жазуу жана оозеки түрүндө сынак жүргүзүлөт. Бул сынак талапкерлердин кесиптик билимин, аналитикалык ой-жүгүртүүсүн, илимий жөндөмдүүлүгүн, жалпы маданий компетенттүүлүгүн, тийиштүү тармак боюнча билимин жана билгичтигин аныктайт.
-
Талапкерлер YDS сынагын, YÖKDİL сынагын, Окумуштуулар тарабынан аныкталган жана эквиваленттүүлүгү кабыл алынган эл аралык сынакты же университет тарабынан өткөрүл-өн “чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагын” ийгиликтүү тапшыргандыгы тууралуу сертификатка ээ болуусу шарт. Талапкерлер YDS же YÖKDİL сынагынан 50 баллга же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тил сынагын тапшыргандыгы тууралуу сертификатка ээ болуусу керек. Чет тилинде жүзөгө ашырылган окуу программаларына же чет тилин окутуу программаларына дайындала турган талапкерлердин тийиштүү чет тили боюнча YDS же YÖKDİL сынагынан кеминде 75 балл же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык сынактан тийиштүү балл алуусу зарыл. Университет тарабынан өткөрүлгөн “чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагынан” кеминде 60 балл; чет тилинде жүзөгө ашырылган окуу программаларына же чет тилин окутуу программаларына дайындала турган талапкерлер тийиштүү чет тили боюнча кеминде 85 балл же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык сынактан тийиштүү балл алуусу зарыл. ÜDS жана KPDS сертификаттарына ээ болгон талапкерлер ушул документтерин YDS же YÖKDİL сертификатынын ордуна тапшыра алышат. Эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынактарынан алынган баллдардын ÜDS, KPDS, YDS жана YÖKDİL баллдарына эквиваленттүүлүгү Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тили сынагы боюнча баллдарды которуу таблицасына” ылайык эсептелинип аныкталат.
-
Кулактандырууда талапкерге жогорку орто кесиптик билим берүү адистигинен сырткары илимий тармагы, иш тажрыйбасы, илимий эмгектери/басылмалары сыяктуу кошумча талаптар да коюлушу мүмкүн.
-
Кайсы бөлүмдөргө жана кайсы тармак боюнча ага окутуучу, окутуучу жана адис алына тургандыгы тууралуу кулактандыруу жарыяланып, документтерди кабыл алуу иши жүргү-зүлө баштайт. Бөлүмдөрдөн келген суроо-талаптардан сырткары ректорат тарабынан да түздөн-түз кулактандыруу жарыяланышы мүмкүн.
-
Ошондой эле зарыл болгон учурда талапкерлерге практикалык жана эксперименттик сабактарды өткөрүү талабы да коюлушу мүмкүн.
-
Зарыл болгон учурда ALES сертификатына ээ болгон талапкерлер үчүн ректорат тарабынан өзгөчө сынак уюштурулушу мүмкүн.
Ага окутуучуга коюлган талаптар жана шарттар
6-берене. Окуу-тарбия иштерин ишке ашыруу үчүн профессор-окутуучуларды ишке тартуу керек. Бирок профессор-окутуучуларды ишке тартуу маселеси татаал болгондуктан, атайын кесиптик билимди жана адистикти талап кылган сабактарды өткөрүү үчүн ага окутуучу дайындалышы мүмкүн. Жарым айлык акы же саатына акы төлөө аркылуу ишке алына турган ага окутуучуга бул жободо көрсөтүлгөн сынакка кирүү жана чет тилин билүү талаптары коюлбайт. Бул учурда ага окутуучу тийиштүү факультеттин же жогорку мектептин сунушу жана ректораттын чечими менен дайындалат.
“Ага окутуучу” кызмат ордуна магистратура программасын бүтүргөн талапкерлер кабыл алынат. Беш жылдык билим берүү программасын (даярдоо курсунан сырткары) жүзөгө ашырган жогорку окуу жайды бүтүргөн талапкерлерден магистратура программасын бүтүрүү шарты талап кылынбайт. Окуусун аяктагандан кийин кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасына ээ болгондор ага окутуучулук кызмат ордуна талапкерлигин кое алышат. Мындан сырткары өз тармагында илимий эмгектерди жарыялаган талапкерлерге артыкчылык берилет.
Окутуучуларга жана адистерге коюлган талаптар жана шарттар
7-берене. Окутуучулук жана адистик кызмат орундары үчүн талапкерлер кеминде бакалавр даражасына жана окуусун аяктагандан кийин кеминде үч жылдык иш тажрыйбасына же магистр даражасындагы дипломго ээ болушу керек. Жарым айлык акы же саатына акы төлөө аркылуу ишке алына турган окутуучу жана адистерге бул жободо көрсөтүлгөн сынакка кирүү жана чет тилин билүү талаптары коюлбайт. Бул учурда окутуучу жана адис тийиштүү факультеттин же жогорку мектептин сунушу жана ректораттын чечими менен дайындалат.
Кулактандыруу
8-берене. Кулактандырууда кызматка алына турган талапкерлерге коюлуучу талаптар, доку-менттерди тапшыруунун акыркы күнү жана сынак өткөрүү күнү тууралуу маалымат берилет. Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тарта 15 күнгө чейин кабыл алынат. Талапкерлер кулактандырууда көрсөтүлгөн электрондук дарек аркылуу да документтерин тапшырса болот.
Сынак комиссиясын түзүү
9-берене. Сынак комиссиясы тийиштүү академиялык бөлүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан сунушталган, комиссиянын бир мүчөсү тийиштүү илимий тармактын жана/же бөлүмдүн башчысы болгон, профессор-окутуучулардын ичинен тандалган жана ректорат тарабынан бекитилген бир төрагадан, үч негизги жана эки кошумча мүчөдөн турат. Комиссия мүчөлөрү кызматка алына турган окутуучунун илимий тармагынан болуусу керек.
Дайындоо
10-берене. Ага окутуучу, окутуучу жана адистерди дайындоо иши күчүндөгү ченемдик укуктук документтин беренелерине ылайык ишке ашырылат.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Ар кыл жана акыркы жоболор
Чет тилинен бошотуу сынагы
11-берене.
-
Аспирантура, ординатура (медицина, стоматология) жана ассистентура-стажировканы бүтүргөн талапкерлерге сынакка кирүү талабы коюлбайт. Бир кызмат ордуна бир нече киши талапкер болгон учурда, илимий даражасы болгон талапкерлерге артыкчылык берилет. Ал эми бир кызмат ордуна илимий даражасына ээ талапкер бирден көп болгон учурда, чет тилин билүү деңгээлин аныктоо сынагынан жогору балл алган талапкерлерге артыкчылык берилет.
-
Кесиптик жогорку мектепте жана башка академиялык бөлүмдөрдө тийиштүү кызмат ордуна бирөөнү табуу татаал болгондуктан, кызматка алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерге тийиштүү академиялык бөлүмдүн сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде чет тилин билүү талабы коюлбайт.
Күчүн жоготкон жоболор
12-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2011-жылдын 13-декабрындагы 2011-18.124-номерлүү чечими аркылуу кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ишке алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жобосу” күчүн жоготкон.
Күчүнө кириши
13-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта өз күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
14-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобонун “Аныктамалар жана кыскартуулар” беренесинин 4-пункту менен “Жалпы жоболор жана талаптар” беренесинин 5-пунктуна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 12-июлундагы 2018-10.70-номерлүү чечими менен өзгөртүүлөр киргизилген.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-февралында 2013-01.011-номерлүү чечими аркылуу кабыл алынган.