| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЖАРЫЯЛОО ЭТИКАСЫ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 53 |
| Кабыл алганы | 25.02.2021 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЖАРЫЯЛОО ЭТИКА КОМИТЕТ ИЛИМИЙ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЖАРЫЯЛОО ЭТИКАСЫ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздеме, аныктамалар жана кыскартуулар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитеттин (ИИЖЭК) түзүмүн, милдеттерин, иштөө тартибин жана принциптерин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо төмөнкү маселелерди камтыйт:
(1) ИИЖЭКтин түзүмү, милдеттери жана иштөө тартиби;
(2) ИИЖЭКке арыз тапшыруу жана баалоо процесстери;
(3) Университеттин мүчөсү болгон жарандар тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык илимий изилдөөлөрдүн, илимий эмгектердин, долбоорлордун жана көркөм чыгармачылык багыттагы иш-чараларга байланышкан изилдөөлөрдүн этикасы;
(4) Университеттин дарегиндеги улуттук жана эл аралык журналдарда жана ар кыл басма сөз жана маалымат каражаттарында жарыяланган жана жарыяланууга жөнөтүлгөн илимий изилдөөлөрдү (семинар, конференция, талкуу, ж.б.) жарыялоо этикасы;
(5) Бакалавр жана магистратура программалары боюнча аткарылган дипломдук, диссертациялык иштерге жана илимий басылмаларга, о.э. илимий изилдөөлөргө жана өнүгүү долбоорлоруна байланыштуу изилдөө этикасы;
(6) Кесиптик этикалык кеңештердин милдеттеринен сырткары башка илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы менен байланыштуу болгон бардык темалар.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 10-беренесинин 1-пунктунун, Түркия Республикасынын 1981-жылдын 6-ноябрында кабыл алынган 2547-номерлүү “Жогорку билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 24-, 42- жана 65-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде даярдалган.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
a) Төрага: ИИЖЭКтин төрагасы;
b) Төраганын орунбасары: ИИЖЭКтин төрагасынын орун басары;
c) ИИЖЭК: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитет;
ç) Этика ченемдерин бузуу: Илимий жана билим берүү мекемесинин өз милдеттеринин, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин алкагындагы илимий изилдөөлөргө жана басылмаларга байланыштуу этикалык принциптерге жана эрежелерге туура келбеген атайын аракеттер;
d) Этикалык принцип жана баалуулуктар: Улуттук (Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын) жана эл аралык мүнөзгө ээ этикалык принциптер, эрежелер жана баалуулуктар;
e) Этикалык этиятсыздык: Илимий жана билим берүү мекемесинин милдеттеринин, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин алкагында илимий изилдөөлөргө жана басылмаларга байланыштуу этикалык принциптерди жана эрежелерди сактоодо этиятсыздыктан, сабатсыздыктан жана тажрыйбасыздыктан улам атайылап жасалбаган аракеттер;
f) Өнөктөштөр: Университеттин милдеттери жана ишмердүүлүгү жаатында мекеме менен байланышта болгон жеке жана юридикалык жактар;
g) Комитеттин жооптуу катчысы: Өтүнмөнүн материалдарын алдын-ала экспертизадан өткөргөн мүчө;
ğ) Ректор: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору;
h) Ректорат: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты
ı) Окумуштуулар кеӊеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊеши;
i) Эксперттик этикалык комитеттер: Адамдарга жана жаныбарларга карата жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүнө баа берип, ой-пикирин билдиришкен, университетте түзүлгөн этикалык комитеттер;
j) Университеттин түзүмдөрү: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставында аныкталып, учурда иш алпарып жаткан бардык академиялык жана административдик түзүмдөр;
k) Университеттин мүчөлөрү: Университетте толук жана жарым ставкада иштеген академиялык жана административдик кызматкерлер жана бул жобонун алкагында чектелген студенттер;
l) Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
m) Университеттер аралык кеңеш: Түркия Республикасынын университеттер аралык кеңешинин төрагалыгы;
n) Мүчө: ИИЖЭКтин мүчөсү.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Этикалык негизги принциптер, илимий изилдөө жана жарыялоо
этикасын сактабоо
Илимий изилдөө этикасынын негизги принцип жана баалуулуктары
5-берене. Бардык академиялык изилдөөлөрдө чынчылдык, тактык, адилеттүүлүк, академиялык эркиндик, ачыктык, жоопкерчилик, ишенимдүүлүк, объективдүүлүк сапаттары менен бирге айлана-чөйрөгө, жаратылышка жана жан-жаныбарлардын укуктарына аяр мамиле кылуу, адамдын кадыр-баркын, эмгегин жана өз алдынчалыгын урматтоо сыяктуу дүйнөлүк этикалык принциптерди кабыл алуу жана бул принциптерди университеттин мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине этикалык көз караштан баа берүүдөгү негизги критерийлер катары калыптандыруу өтө маанилүү.
(1) Маалыматтар илимий методдор аркылуу алынат. Аларды баалоодо, чечмелөөдө жана теориялык натыйжаларды алууда илимий методдордун чегинен чыгууга, натыйжаларды бурмалоого жана алына элек натыйжаларды изилдөө жыйынтыгы катары көрсөтүүгө болбойт.
(2) Анкета жана сурамжылоолордо катышуучулардын макулдугу керек. Эгерде изилдөө кайсы бир мекемеде жүргүзүлө турган болсо, катышуучулардан макулдук алынгандан кийин гана алар иштеген мекемеден уруксат алынат.
(3) Изилдөөлөрдө жана жасалган тажрыйбаларда жаныбарлардын саламаттыгына жана экологиялык тең салмактуулукка зыян келтирилбеши керек. Тийиштүү уруксат алуу иштери жумушту баштоодон мурун ыйгарым укуктуу түзүмдөр аркылуу жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Бул иштин алкагында эл аралык декларациялардын жоболору менен Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын тиешелүү позитивдүү укуктук ченемдери эске алынат.
(4) Изилдөөчүлөр жана ыйгарым укуктуу кишилер жүргүзүлгөн илимий изилдөөгө байланыштуу зыяндуу тажрыйбалар жөнүндө тийиштүү адамдарга маалымат берүүгө жана эскертүүгө милдеттүү.
(5) Изилдөөчүлөр абийирдүүлүктү сактап, зыяндуу кесепеттерге жана/же колдоого болбой турган тажрыйбаларга алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөргө катышпоого укуктуу.
(6) Жасала турган иш боюнча башка адамдардан жана мекемелерден алынган маалыматтарды уруксат берилген өлчөмдө жана белгиленген шартта колдонуу, алардын купуялуулугун сыйлоо жана сактоо зарыл.
(7) Илимий изилдөө үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды максатка ылайык гана пайдалануу зарыл.
Жарыялоо этикасынын негизги принциптери
6-берене.
-
Илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууга, пландаштырууга, аткарууга жана басып чыгарууга даярдоодо салым кошпогон адамдардын ысымдары автор катары киргизилбейт.
-
Илимий басылмаларда кайсы бир эмгекти пайдаланган учурда булактар илимий шилтеме эрежелерине ылайык көрсөтүлөт.
-
Тапшырыла элек же жакталса да, кабыл алына элек диссертациялык иштер же изилдөөлөр ээсинин уруксатысыз булак катары колдонулбайт.
-
Жалпыга таанылган илимий теориялардан, илимий чөйрөдөгү негизги маалыматтардан, негизги математикалык теоремалардан жана далилдерден тышкары эч бир эмгек толугу менен же анын айрым бөлүгү уруксатсыз жана баштапкы булакка шилтеме берилбей туруп, котормо же түп нуска түрүндө жарыяланбайт.
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасына туура келбеген иш-аракеттер
7-берене.
(1) Плагиат (көчүрүп алуу): Башкалардын идеяларын, ыкмаларын, маалыматтарын, тажрыйбаларын, жазууларын, формаларын же чыгармаларын илимий эрежелерге ылайык авторуна шилтеме бербестен, өз эмгектери сыяктуу көрсөтүү;
(2) Жалган маалымат: Изилдөөгө негизделбеген маалыматтарды жаратуу, сунушталган, жарыяланган чыгармаларды чын эмес маалыматтардын негизинде редакциялоо же өзгөртүү, алар боюнча отчет берүү же жарыялоо, жүргүзүлбөгөн изилдөөнү жүргүзүлгөн сымал көрсөтүү;
(3) Бурмалоо: Изилдөөлөрдүн протоколдорун жана алынган маалыматтарды бурмалоо, изилдөөдө колдонулбаган ыкмаларды, шаймандарды жана материалдарды колдонгондой кылып көрсөтүү, изилдөө гипотезасын тастыктабаган маалыматтарга атайын баа бербөө, тиешелүү теорияларга же гипотезаларга ылайыкташтыруу үчүн маалыматтарды жана/же натыйжаларды өзгөртүү, колдоого алынган жеке адамдардын жана уюмдардын кызыкчылыктары үчүн изилдөө жыйынтыктарын бурмалоо, же аны формага салуу.
(4) Кайталоо: Бардык өтүнмөлөрдө, анын ичинде академиялык дайындоолордо жана кызматтык жогорулатууларда бир эле изилдөө жыйынтыгын камтыган бир нече эмгекти өз-өзүнчө эмгек катары көрсөтүү.
(5) Бөлүү: Изилдөөнүн жыйынтыктарынын бүтүндүгүн бузуу менен изилдөө максаттарына каршы бөлүктөргө бөлүү жана бири-бирине шилтеме бербестен, көптөгөн басылмаларды бастыруу, академиялык дайындоолордо жана кызматтык жогорулатууларда өзүнчө эмгек катары көрсөтүү.
(6) Акыйкатсыз автордук: Авторлордун арасында жигердүү салым кошпогон адамдардын пикирин киргизбей туруп, аларды автор катары кошуу же коштуруу, жигердүү салым кошкон адамдарды жарыялоо учурунда же кийинки басылыштарда авторлордун катарынан чыгаруу же чыгартуу, автордук тартипти негизсиз жана орунсуз өзгөртүү.
(7) Башка этикалык эрежелер:
-
Адамдардын, мекемелердин же уюмдардын колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жарык көргөн басылмаларда аларды жана алардын салымын белгилеп, көрсөтпөө;
-
Тапшырыла элек, же жакталса да, кабыл алына элек диссертацияларды ээсинин уруксатысыз булак катары колдонуу;
-
Адамдарга жана жаныбарларга карата жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө этикалык эрежелерди бузуу, басылмаларда оорулуулардын укуктарын сактабоо;
ç) Адамдарга карата жүргүзүлгөн биомедициналык изилдөөлөрдө жана башка клиникалык сыноолордо тиешелүү мыйзамдардын жоболоруна каршы иш-аракеттерди жасоо;
d) Изилдөө объектиси болгон чыгармада камтылган маалыматты ал жарыялана электе ээсинен атайын уруксат албай туруп башкалар менен бөлүшүү;
-
Илимий изилдөө үчүн берилген же бөлүнгөн ресурстарды, мейкиндиктерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана шаймандарды максаттан тышкары пайдалануу;
-
Негизсиз, орунсуз жана атайылап этикалык бузуулар боюнча айыптоо;
-
Изилдөө иштеринде жана эксперименттерде ишти баштоодон мурун ыйгарым укуктуу органдардан алынышы керек болгон жазуу жүзүндөгү уруксат иштерин жүргүзбөө;
ğ) Илимий изилдөөнүн алкагында жүргүзүлгөн анкеталык изилдөө жана сурамжылоого катыша тургандардын ачык макулдугусуз же изилдөө иши институтта жүргүзүлө турган болсо, мекеменин уруксатысыз алган маалыматтарды жарыялоо;
-
Изилдөөлөрдө жана эксперименттерде жаныбарлардын cаламаттыгына жана экологиялык тең салмактуулукка зыян келтирүү;
ı) Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө жана эксперименттерде мыйзам талаптарына туура келбеген же Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы кошулган эл аралык келишимдердин жоболоруна карама-каршы келген иштерге катышуу;
i) Изилдөөчүлөр жана ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөргө байланыштуу чыккан ыктымал зыяндуу тажрыйбалар туурасында тийиштүү кишилерге билдирүү жана эскертүү боюнча милдеттенмени аткарбоо;
j) Илимий изилдөөлөрдө башка адамдардан жана мекемелерден алынган маалыматтарды уруксат берилген өлчөмдө жана формада пайдаланбоо, бул маалыматтын купуялуулугун сактабоо жана анын сакталышын камсыз кылбоо;
k) Академиялык дайындоолордо жана кызматтык даражаларын жогорулатууда илимий изилдөөлөргө байланыштуу жалган же чаташкан маалымат берүү.
Этика ченемдерин бузуу деп эсептелбей турган жагдайлар
8-берене. Изилдөөлөрдө башка бирөөнүн стилин түп нускасындагыдай так колдонбосо, анонимдүү маалыматтарды, илим жаатындагы негизги маалыматтарды, негизги математикалык теоремаларды жана далилдерди эмгегинде сунуштама катары колдонсо, этикалык эреже бузуу катары каралбайт.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитетти түзүү
жана анын милдеттери
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитеттин түзүлүшү, мүчөлөрдүн квалификациясы жана кызмат мөөнөтү
9-берене.
(1) ИИЖЭК -университеттин ар кандай илимий тармактарында эмгектенген профессорлордун ичинен ректорат тарабынан сунуш кылынган жана Окумуштуулар кеӊеши тарабынан бекитилген жети (7) мүчөдөн турат.
(2) Тартип жазасын алган же этикалык эрежелерди бузган/этикага кайдыгер мамиле кылган деген эскертүү алган илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучу ИИЖЭКтин мүчөсү катары сунушталбайт.
(3) ИИЖЭКтин төрагасы ректор тарабынан Окумуштуулар кеӊеши бекиткен мүчөлөрдүн арасынан тандалып алынат. ИИЖЭКтин төрагасы комитеттин мүчөлөрүнүн арасынан бирөөнү төраганын орун басары кылып тандайт. Төраганын кызматы аяктаганда төраганын орун басарынын да кызматы аяктайт.
(4) ИИЖЭКтин мүчөлөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү-эки (2) жыл. Кызматтык мөөнөтү аяктаган мүчө ушул эле тартипте кайрадан дайындала алат.
(5) ИИЖЭКтин мүчөлүгү:
-
Бир календардык жылдын ичинде жүйөөлүү себепсиз жана уруксатсыз катары менен үч (3) жыйынга же ИИЖЭК жыйынына мыйзамдуу себептер болсо дагы (3) үч айдан ашык катышпаса, же кеминде (6) алты айлык мөөнөткө чет өлкөгө кызматтык дайындоодон улам өргүү алса, же (3) үч айдан ашык убакытка медициналык корутунду алса;
-
ИИЖЭКке мүчө болуп турган учурда тартип жазасын же этикалык эрежелерди бузгандыгы/этикалык этиятсыздыгы үчүн эскертүү алса;
-
Университеттен кызматтан кетсе;
ç) ИИЖЭКтин мүчөлүгүнөн баш тартса аяктайт.
(6) ИИЖЭКтин мүчөлүгүнөн баш тартуу же чыгуу боюнча ректордун макулдугу тийиштүү адамга билдирилгенден кийин күчүнө кирет. ИИЖЭКтин мүчөлүгүнөн баш тарткан же чыккан мүчөнүн ордуна калган мөөнөт ичинде ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн ошол эле сапаттарга ээ жаңы мүчө ректор тарабынан дайындалат.
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитеттин милдеттери жана ыйгарым укуктары
10-берене. ИИЖЭК:
(1) Университеттин мүчөлөрүнүн, академиялык жана административдик түзүмдөрүнүн илимий изилдөөлөрүндө жана жарыялоо иштеринде этикалык принциптердин сакталышын камсыз кылат; этикалык принциптерге жана этикалык жүрүм-турум эрежелерине ылайык жетиштүү жана ынанымдуу далилдерге негизделген экспертизаларды жана баа берүү ишин жүргүзөт жана аталган маселелер боюнча келип чыккан этикалык көйгөйлөргө карата бүтүм чыгарат;
(2) Экспертизанын чегинде ректорат аркылуу эксперттердин же атайын адистердин пикирин билет, тийиштүү адамдар жана мекемелер менен кат алышып, маалымат сурайт жана экспертизанын алкагында башка зарыл процедураларды аткарат;
(3) Экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди ректоратка тапшырат;
(4) Университетке негизделген этикалык принциптерди жана саясатты иштеп чыгат;
(5) Этикалык принциптерди жана эрежелерди колдонуу ыкмаларын аныктайт;
(6) Зарыл болгон учурда жаңы принциптерди жана эрежелерди иштеп чыгуу максатында ректоратка атайын сунуштарды киргизет;
(7) Университетте этикалык маданиятты жайылтуу жана этикалык жоопкерчиликти күчөтүү, о.э. академиялык жана илимий изилдөөлөрдө жана жарыялоо этикасында орун алышы мүмкүн болгон этикага каршы аракеттерди жоюу максатында тиешелүү бөлүмдөр же мекеме, уюмдар менен биргеликте окутуу иштерин уюштурат;
(8) Зарыл учурларда ректоратка эксперттик этика боюнча кеӊештерди же комиссиянын астында иш алпаруучу атайын комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
(9) Этика боюнча эксперттик кеӊештердин же атайын комиссиялардын тажрыйбаларынын университет тарабынан кабыл алынган негизги этикалык принциптер жана баалуулуктар менен интеграциялашуусу жаатында иш алпарат жана сунуштарды киргизет;
(10) Этика боюнча эксперттик кеӊештердин же атайын комиссиялардын курамында иш алпара турган адамдарга окутуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт;
(11) Этика боюнча эксперттик кеӊештердин же атайын комиссиялардын ортосундагы координацияны камсыз кылат жана алар менен биргеликте иш алып барат;
(12) Этикалык маселелерге жана жагдайларга карата баа берүүдө, чечим чыгарууда жана пикирин билдирүүдө толук купуялуулукту сактоо менен иш жүргүзөт.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитеттин
иштөө тартиби жана принциптери
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитеттин иштөө тартиби жана принциптери
11-берене.
-
ИИЖЭКтин төрагасы жыйынды күн тартибине ылайык, айына жок дегенде бир жолу мүчөлөрүнүн жалпы санынын абсолюттук көпчүлүгүнүн катышуусунда өткөрөт. Кеӊештин мүчөлөрүнө жыйын болгонго чейин өтө турган күнү, сааты жана күн тартибиндеги маселелер жазуу жүзүндө билдирилет. Зарыл деп табылса, жыйналыштын жүрүшүндө мүчөлөргө кошумча күн тартиби берилет.
-
Зарыл учурларда төрага ИИЖЭКти кезексиз чакырышы мүмкүн.
-
ИИЖЭКтин төрагасы жок болгон учурда, жыйынды төраганын орун басары алып барат.
-
ИИЖЭК ишин жеке өзү жүзөгө ашырат. Зарыл болгон учурда дарегине экспертиза башталган адамдын коргонуу боюнча билдирүүсү алынгандан кийин, ошол тармактын адистеринен же эксперттерден корутунду ала алат.
-
Ушул эрежелердин чегинде жүргүзүлгөн экспертизанын алкагында төмөндө көрсөтүлгөн кишилер эксперт же адис катары дайындала албайт:
a) Тийиштүү адамдын ЖОЖдон кийинки билим берүү программасындагы илимий жетекчиси жана доценттик наам ыйгаруудагы калыстар тобунун курамына кирген илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар;
b) Тийиштүү адам менен бир факультетте иштеген илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар;
c) Тийиштүү адамдын өмүрлүк жары жана анын тукумундагы же жакындыгы боюнча үчүнчү даражага чейинки (үчүнчү даражаны кошкондо) туугандары;
ç) Тийиштүү адамга кастык мамилеси бар адамдар;
(6) Эгерде тийиштүү адам иштеген илим жаатында илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучу жок болсо, жакынкы илим тармагында эмгектенген илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын арасынан эксперт дайындалышы мүмкүн. Мындан тышкары этикалык ченемдерди бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыптоонун юридикалык мааниси жана алкагы боюнча юрист-эксперт дагы дайындалышы ыктымал.
(7) Эксперт же адистер иш материалдары келип түшкөн күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен иш боюнча отчет даярдашат жана ИИЖЭКтин төрагалыгына жөнөтүшөт. Бул мөөнөт эң көп бир жолу бир (1) айга узартылышы мүмкүн. Эгерде бирден ашык эксперт же адистин корутундусу суралса, анда ар бир эксперт же адис өз алдынча, көз карандысыз отчет даярдайт.
(8) ИИЖЭКтин мүчөлөрү өзүлөрүнө же мурда чогуу иштешкен жана о.э. кызыкчылыктардын кагылышуусу же дал келиши / биригиши мүмкүн болгон адамдарга карата күн тартибиндеги талкууларга катыш албайт жана добуш бере алышпайт.
(9) ИИЖЭКтин катчылык иштерин ректорат дайындаган кызматкер жүргүзөт.
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комитетке кайрылуу
12-берене.
-
ИИЖЭК "этикалык ченемдерди бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыптоо арыздарын" жана "илимий изилдөөнүн илимдин этикасына шайкештиги боюнча уруксат арыздарын" баалайт.
-
ИИЖЭКке "этикалык ченемдерди бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыптоо арыздары” ректораттын атына жазылып, арыз ээсинин колу коюлган арыздын түп нускасы, зарыл болгон тиркемелер менен бирге "жашыруун" деген аталышта, өзүнүн тапшыруусунда же почта аркылуу кабыл алынат.
-
Арыздарды кабыл алуу жана баа берүү ыйгарым укугу ИИЖЭКке таандык болуп эсептелет. Арыздын шарттарына туура келбеген документтер каралбайт.
-
ИИЖЭК тарабынан мурда каралып, чечим чыгарылган "этикалык ченемдерди бузуу / этикалык этиятсыздык боюнча айыптоо арыздары" жаңы далилдерсиз жөнөтүлгөн учурда кайра каралбайт.
-
ИИЖЭК этикалык ченемдерди бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча экспертизаны алты (6) айдан кечиктирбей аяктап, бүтүм чыгарат. Бул мөөнөт арыз катталган күндөн баштап эсептелет. Эгерде сот процесси же башка тартиптик териштирүү жүргүзүлбөсө жана ИИЖЭК зарыл деп тапса, бир жолу бул мөөнөттү үч (3) айга чейин узарта алат же айрым арыздарды кароону үч (3) айга жылдырышы мүмкүн.
-
Университеттен тышкары жерлерде же мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын колдоосу менен жүргүзүлө турган изилдөөлөргө карата арыздануучу-изилдөөчү мүчө болгон мекеме же уюмда ИИЖЭК жок богон учурда гана баа берилиши мүмкүн.
Этика ченемдерин бузуу / этикалык этиятсыздыкты кароо процесси
13-берене.
-
Этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыптоолорго байланыштуу ректоратка келип түшкөн же жеткирилген даттануулардын же айыптоолордун бардык материалдары документтери менен бирге иликтенип, тийиштүү чечим чыгаруу максатында ИИЖЭКке жөнөтүлөт.
-
Этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыптоо ИИЖЭКке билдирилгенде, ал биринчи кезекте бул жагдай тартипти бузуу болуп саналарына же саналбашына баа берет. Эгерде этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык маселеси дагы тартиптик жаза болуп саналат деген пикирлер айтылса, анда бул жагдай боюнча өз убагында тартиптик процесстерди жүргүзүү үчүн ректоратка маалымдалат.
-
Этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыптоолорго байланыштуу козголгон соттук териштирүү же тартиптик териштирүү иши ИИЖЭКтин экспертиза жана чечим чыгаруу укугунан ажыратпайт. Бирок ИИЖЭК ошол экспертизаны сот процесси же териштирүү иши аяктаганга чейин токтото турушу мүмкүн.
-
Доценттик наам алуу боюнча арыздануу, эскертүү жана кооптонуу болсо, анда ал адамдын абалы этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыпталып жаткан университеттин мүчөсүнүн кайсы мамлекетке кайрылгандыгы эске алынып, Түркия Республикасынын университеттер аралык кеңешинин төрагалыгы же Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы же башка өлкөлөрдүн уюмдары тарабынан тастыкталат. Эгерде ал мүчөнүн доценттик наамга тапшыргандыгы жөнүндө кабарланса, доо арыздарга байланыштуу ар кандай маалымат жана документтер тиешелүү мекемеге жөнөтүлөт. Тиешелүү мекеменин экспертизасы аяктаганга чейин ИИЖЭК өзүнүн экспертизасын токтотуп тура алат.
-
Кайрылууларды жол-жобосу боюнча кабыл алуу жана баа берүү укугу ИИЖЭКке таандык. Тиешелүү эрежеге ылайык даярдалбаган кайрылуулардын материалдары экспертизага алынбайт жана бул туурасында арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
-
ИИЖЭКтин катчылыгына жеткен ар бир материал ИИЖЭКтин төрагасы өткөрө турган биринчи отурумдун күн тартибине киргизилет.
-
ИИЖЭК төрагалыгы комитеттин мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алып, ар бир кайрылуу материалы үчүн төрагалыктын комитетинин мүчөлөрүнүн бирин комитеттин жооптуу катчысы кылып дайындайт. Комитеттин жооптуу катчысынын өздүгү жашыруун сакталат. Комитеттин жооптуу катчысы ИИЖЭКке негиздүү жана жүйөлүү себептерин жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу бул кызматтан баш тарта алат.
-
Комитеттин жооптуу катчысы катчылыктын жардамы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мүчөлөрүнөн материалга байланышкан маалыматты жазуу жүзүндө түздөн-түз ала алат. Бул маалыматтар жана документтер ИИЖЭКтин экспертиза материалдары менен бирге сакталат.
-
Зарыл деп эсептелген учурда комитеттин жооптуу катчысы пикир алуу максатында ИИЖЭКке кайрылышы мүмкүн. ИИЖЭК тийиштүү маселе боюнча пикирин билдире турган экспертти же адисти жазуу жүзүндө аныктайт. Аталган пикирдин мүнөзү жана көлөмү экспертке же адиске жазуу жүзүндө билдирилет. Эксперттин же адистин берген пикиринин көчүрмөсү тиешелүү документтер менен бирге сакталышы үчүн ИИЖЭКтин катчылыгына жөнөтүлөт. Эксперттин же адистин өздүгү жашыруун сакталат.
-
Комитеттин жооптуу катчысы алдын-ала экспертизаны эң көп дегенде бир (бир) айдын ичинде аяктап, ИИЖЭКтин жыйынында өзүнүн сын-пикирлери менен сунуштарын камтыган жазуу жүзүндөгү отчетун берет. Зарыл учурларда комитеттин жооптуу катчысына он беш (15) күнгө чейинки кошумча мөөнөт берилиши мүмкүн. Жыйында комитеттин жооптуу катчысы тийиштүү маалыматтардын, документтердин жана далилдердин негизинде кырдаалга баа берүү менен өз оюн билдирет. ИИЖЭКтин мүчөлөрү зарыл деп эсептеген учурда комитеттин жооптуу катчысынан ар кандай маалыматтарды алып, документтерди жана каттоого алынган бардык маалыматтарды карап чыгышы мүмкүн. Иштин аягында ИИЖЭК кайрылуу боюнча чечим чыгарат.
-
ИИЖЭК зарыл болгон учурларда тийиштүү адамдарды коргонууга чакыра алат же жазуу жүзүндө коргонууларды кабыл ала алат. Бул иш процессинде төмөнкү пункттар эске алынат:
-
ИИЖЭК этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча айыпталып жаткан адамга этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча дооматтардын негизинде чакыруу кагазын даярдап, этикалык териштирүү башталгандыгын билдирет.
-
ИИЖЭК тийиштүү кишиге коргонууну жазуу жүзүндө же оозеки түрүндө бере ала тургандыгын, о.э. ал кандайдыр бир себепсиз коргонууну ишке ашырбаса, коргонуу укугунан баш тарткандыгын жана мындай учурда ИИЖЭК алынган маалыматтарга, документтерге жана далилдерге ылайык чечим кабыл ала тургандыгын билдирет.
c) Дарегине этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык жөнүндө экспертиза башталган адамга чакыруу берилген күн менен коргонуу ишинин ортосунда кеминде жети (7) күндүк убакыт болору эске алынып, ИИЖЭК тийиштүү адамга көрсөтүлгөн күнү, көрсөтүлгөн убакытта жана белгиленген жерде өзүнүн коргонуусун ишке ашыра тургандыгын эскертет. Жүйөөлүү себебин билдиргендердин коргонуу иши кийинки датага жылдырылат.
ç) Коргонуу үчүн чакырууну кабыл алган учурда жыйында аларга арызданууга гана байланышкан суроолор берилет.
d) Коргонуу иши оозеки түрдө болгон учурларда ИИЖЭК тийиштүү адамдын коргонуусун протоколго түшүрөт. Протоколдо иш процесси качан жана кайсы жерде өткөндүгү, протоколдун мазмуну, процесске кимдер катышкандыгы, берилген суроолор жана жооптор камтылат.
e) Протоколго комитеттин мүчөлөрүнүн жана тиешелүү тараптын колдору коюлуп, протоколду тийиштүү адам талап кылса, ага дагы бериле тургандай даярдалат.
f) Зарыл учурларда коргонуу иши тапшырылгандан кийин тийиштүү кишиге кошумча суроолор берилиши мүмкүн. Тийиштүү адамга кабарланган күндөн тартып үч (3) жумушчу күндүн ичинде кошумча суроолорго жазуу жүзүндө жооп берүүсү талап кылынат.
g) Чакырылган адам жыйындан чыгып кеткенден кийин ИИЖЭКтин мүчөлөрү алынган маалыматтарга баа беришет.
ğ) Келип түшкөн айыптоого байланыштуу тийиштүү адамдан маалыматтар жана документтер, о.э. коргонуунун жазуу түрүндө болушу талап кылынган учурда коргонуу иши боюнча чакыруу кагазын алган күндөн тартып он беш (15) күндүн ичинде коргонууну ишке ашыруу талабы коюлат.
h) Тийиштүү адам коргонуу өтүнүч катын алган күндөн тартып он беш (15) күндүн ичинде коргонууну ишке ашырбаса, бул жагдай өтүнүч катында белгиленип, ИИЖЭК башка маалыматтардын, документтердин жана далилдердин негизинде чечим кабыл алат.
ı) Тийиштүү адам коргонууну жазуу жүзүндө берсе, тийиштүү жактын коргоосу камтылган документтер ИИЖЭК тарабынан этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча экспертиза материалдарына кошо тиркелет. Тийиштүү адам коргоо ишин жазуу жүзүндө тапшыргандан кийин, ага кошумча суроолор жөнөтүлүшү мүмкүн.
-
Дарегине этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча экспертиза башталган адам айыптоолорду камтыган материалдардын көчүрмөсүн талап кыла алат. Экспертиза жүргүзүлүп жаткан кишиге тийиштүү документтер протокол түрүндө тапшырылат.
-
ИИЖЭК коргоо ишин кабыл албай туруп, этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча чечим кабыл ала албайт. Бирок тийиштүү адам ага билдирилген мөөнөт ичинде коргонбогон же коргонуу укугунан баш тарткан учурларда ИИЖЭК башка маалыматтардын, документтердин жана далилдердин негизинде чечим кабыл алат.
-
Экспертиза аяктаган этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча арыздарга добуш берүү ИИЖЭКте талкууга коюлгандан кийин жүргүзүлөт. Чечимдин жыйынына бардык мүчөлөр катышат жана мүчөлөрдүн жалпы санынын абсолюттук көпчүлүгү менен кабыл алынат. Кабыл алынган чечимдин себептери көрсөтүлүп, ага бардык мүчөлөр кол коёт. Чечимге каршы чыккан мүчө каршы добушу боюнча негиздеме жазышы керек. Чечимге каршы добуш берген мүчөлөр негиздеме келтирген чечимдерин акыркы корутундуга тиркешет. Мүчөлөр калыс добуш берүү укугуна ээ эмес.
-
ИИЖЭК, арыздын мазмунун түзгөн иш-аракеттер бул жобонун 2-беренесинин алкагында болушу керек деген шартта 7-беренеде аныкталган плагиат (көчүрүп алуу), жалган маалымат, бурмалоо, кайталоо, бөлүү, акыйкатсыз автордук сыяктуу мүнөздөмөлөргө туура келген-келбегендигин иликтейт. Арызда көрсөтүлгөн иш-аракеттер жогоруда белгиленген мүнөзгө ээ экендигине ынанган соң, ИИЖЭК этика ченемдерин бузуу/этикалык этиятсыздык боюнча чечим кабыл алат. Чечимдер сунуштама мүнөзүндө болот жана бул чечимдер ректоратка бекитүү үчүн же башка чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
-
Этика ченемдери бузулган учурда негизги автордун, жабыркаган адамдын же укуктары бузулган адамдардын, о.э. уюмдардын бир пикирге келишүүсү тийиштүү адамдарды жоопкерчиликтен бошотпойт.
-
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы бузулган учурда университет ошол темага тиешеси бар мүчөсүнө жана эгерде бар болсо, өнөктөштөрүнө жана мекемелерге маалымдайт. Тийиштүү чечимди алган күндөн тартып жети (7) күндүн ичинде ИИЖЭКке чечимди кайра карап чыгуу боюнча кайрыла алат.
-
ИИЖЭКтин чечимдерин тийиштүү кишилерден сырткары үчүнчү жактарга байланыш каражаттары аркылуу бөлүшүүгө болбойт.
-
Этика ченемдерин бузуу жөнүндө чечимдер, кайра карап чыгуу үчүн берилген аппеляциялык арыздар каралып чыккандан кийин эң кеч отуз (30) күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарына жана/же Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетине же башка тийиштүү адамдарга жана мекемелерге кабарланат.
-
ИИЖЭК экспертиза учурунда башка мекемелер жана уюмдар менен ар кандай кат алышууларды ректорат аркылуу жүргүзөт.
-
ИИЖЭК баа берүүнү мыйзамдын жана этиканын чегинде жүргүзөт. Экспертизанын критерийлери учурдагы укуктук-ченемдик актыларга, университеттин негизги этикалык принциптерине жана баалуулуктарына, эл аралык конвенцияга, улуттук жана эл аралык декларацияларга, жалпыга белгилүү этикалык принциптерге жана эрежелерге негизделген.
Илимий изилдөөлөрдүн илимий этикага шайкештиги боюнча уруксат алуу арыздары
14-берене
-
Жетекчи/кеңешчи катары физикалык кийлигишүүнү талап кылбаган, байкоо жүргүзүүчү жана сүрөттөөчү мүнөзгө ээ изилдөөлөр менен бирге эле (анкета, шкала/ масштабдуу изилдөөлөр, файлдарды сканерлөө, маалыматтык ресурстарды сканерлөө, тутумдук модель иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөр ж.б.) жана экологиялык изилдөөлөр боюнча “Илимий изилдөөлөрдүн илимий этикага шайкештиги боюнча уруксат алуу арыздарын” колдонмодо көрсөтүлгөн жол-жоболорго жана принциптерге ылайык даярдап, иштеген түзүмүнөн академиялык иерархияны жетекчиликке алуу менен ректоратка жөнөтөт.
-
Башка мекеменин кызматкерлери же өнөктөштөр колдонмодо көрсөтүлгөн кайрылуу арызынын жол-жоболоруна жана принциптерине ылайык даярдаган кайрылуу арызынын материалдарын таандык болгон мекеме, уюму аркылуу ректоратка жөнөтүп, ИИЖЭКке кайрыла алышат.
-
Төрага арыздарды карап, корутунду чыгаруу үчүн ИИЖЭКтин күн тартибине киргизет.
-
Каралуучу ар бир арыздын тематикасына жараша төрага тарабынан бир комитеттин жооптуу катчысы дайындалышы мүмкүн. Комитеттин жооптуу катчысынын милдети–тийиштүү арызды карап чыгып, отурумда ИИЖЭКке маалымат берүү. ИИЖЭК дисциплиналар аралык изилдөөлөрдө башка дисциплиналардан эксперттик корутунду ала алат. Мындан тышкары ИИЖЭК зарыл болгон учурда тийиштүү адамдардан маселе боюнча жазуу жүзүндө же оозеки түрүндө маалымат ала алат.
-
ИИЖЭКте экспертиза боюнча материалдын үстүндө иштөө эң кеч бир (1) айдын ичинде жүргүзүлөт. Өтүнмөдө кандайдыр бир жетишпестиктер орун алып, документтерди артка кайтарган учур болсо, бул мөөнөт документтер толукталып тапшырылган учурдан баштап эсептелет.
-
Комитеттин мүчөлөрүнүн бири ИИЖЭКке келип түшкөн белгилүү бир темага байланыштуу мурда калыс пикирин билдирген болсо, же мүчө өзү кызыктырган чечимди кабыл алгысы келип жатса, бул мүчө жыйындын тиешелүү бөлүгүнө катыша албайт жана добуш бере албайт. Бул учурда отурум ал мүчөдөн башка көпчүлүк катышуучулардын макулдугу менен өткөрүлөт.
-
Мындай жыйындар мүчөлөрдүн жалпы санынын абсолюттук көпчүлүгү менен өткөрүлөт жана чечим жыйынга катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынып, мүчөлөр тарабынан кол коюлат. Каршы добуш берген мүчөнүн негиздемеси акыркы отчетко кошо тиркелет.
-
Илимий изилдөөлөрдүн илимий этикага шайкеш келүүсү боюнча кайрылуу арыздарына ИИЖЭК тарабынан этикалык принциптердин жана баалуулуктардын негизинде баа берилет.
15-берене. ИИЖЭКтин экспертизаларына жана чечимдерине байланыштуу купуялуулук, алардын сакталышы жана башка маселелер:
-
ИИЖЭКте бардык экспертизалөр купуялуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. ИИЖЭКтин төрагасы жана мүчөлөрү купуялуулукту сактоо милдеттенмесин беришет. ИИЖЭКке келген материалдардагы документтердин купуялуулугу жана коопсуздугу үчүн катчылык жооптуу болуп эсептелет.
-
ИИЖЭКтин чечимдери жалпы эрежелерден тышкары жашыруун болуп саналат. ИИЖЭК тарабынан аныкталган маалымат бул жободо көрсөтүлгөн адамдардан жана уюмдардан башка эч кимге берилбейт.
-
Бул долбоордун алкагында жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган бардык чечимдер ИИЖЭКтин катчылыгы тарабынан купуялуулук принциби сакталуу менен папкаларга салынып, белгисиз мөөнөткө чейин сакталат.
-
Мүчөлөр, эксперт катары дайындалган адистер жана кайрылуу процессине катышкан мүчөлөр жасаган иш-аракеттери менен экспертизага байланыштуу алган маалыматтарды жана документтерди ачыкка чыгара алышпайт жана колдоно алышпайт.
-
Эгерде университеттин учурдагы мүчөлөрүнө карата анын бул университеттин мүчөсү болгонго чейинки убакытта изилдөө жана жарыялоо этикасын бузгандыгы боюнча даттануу же билдирүү келип түшсө, айыптоо ошол иш-аракет болгон учурда мүчө болгон жогорку окуу жайына же тийиштүү адамдарга билдирилет.
-
Кыргыз-Түрк "Манас" университетиндеги педагогикалык кадрларга болгон муктаждыкты канааттандыруу максатында 2547-номерлүү “Жогорку билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын” 39-беренесине, 4249-номерлүү мыйзам менен кошумча киргизилген акыркы пунктка ылайык дайындалган илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын дарегине келген даттануулар Түркиядагы университеттерге жөнөтүлүп, тийиштүү адам мүчө болгон жогорку окуу жайы тарабынан баа берилип, чечим чыгарылат.
Күчүнө кириши
16-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Аткарылышы
17-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан аткарылат.
Бул жобо, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы 2021-02.08-номерлүү чечими менен кабыл алынган.