| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ДИПЛОМДУК ИШИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 54 |
| Кабыл алганы | 07.12.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММА ДИПЛОМДУК ИШ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ДИПЛОМДУК ИШИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты − Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавриат программаларын бүтүрүп жаткан студенттердин дипломдук иш жазуу жана жактоо жол-жоболорун жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобонун мазмуну Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавриат программаларын бүтүрүп жаткан студенттердин дипломдук иш жазуу жана жактоо жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасынын» 17-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Дипломдук ишти коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде даярдалды.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
-
Университет: Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
-
Окумуштуулар кеӊеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши;
-
Ректорат: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
-
Ректор: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору;
-
Факультет: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин факультеттери;
-
Декан: Факультеттин деканы;
-
Бөлүм: Факультетке караштуу бөлүм;
-
Дипломдук иш: Бакалавр даражасын алуу үчүн жазылган дипломдук иш;
-
Дипломдук иштин жетекчиси: Сабак бөлүштүрүү учурунда түзүмдүн Академиялык кеңеши тарабынан студенттин дипломдук ишине жетекчилик кылуу үчүн дайындалган окутуучу.
Дипломдук ишти аткарууда илимий жетекчини дайындоо
5-берене. (1) Бакалавриат программасынын акыркы эки семестринде университетти бүтүрө турган студенттер үчүн илимий жетекчи сабактарды бөлүштүрүү тартибине ылайык күзгү семестрде дайындалат.
-
Илимий жетекчи түзүмдүн штаттык профессордук-окутуучулук курамынын (эгер болсо, профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучу) ичинен дайындалат. Зарыл болгон учурда, жүктөлгөн апталык окуу жүгүн аткарган жарым ставкада иштеген окутуучу да илимий жетекчи боло алат.
-
Окутуучу бир эле учурда эң көп беш студентке илимий жетекчилик кыла алат, бирок зарыл болсо бештен ашык студентке илимий жетекчилик кылышы мүмкүн. Бештен ашык студенттин окуу жүгү эсептелбейт.
-
Көйгөйлүү жагдайларда гана илимий жетекчи алмаштырылат.
Дипломдук иштин темасынын аныкталышы
6-берене. (1) Илимий жетекчи студент менен биргеликте дипломдук иштин темасын тандап, сабактарды кошуу-алуу мөөнөтүнөн кийин эки апта ичинде жазуу жүзүндө төрт тилде (кыргызча, түркчө, орусча жана англисче) бөлүм башчылыгына билдирет.
-
Дипломдук ишинин темасы жана илимий жетекчиси белгилүү болгон студенттердин тизмеси бөлүм башчылыгы тарабынан сабактарды кошуу-алуу мөөнөтүнөн кийин үч апта ичинде деканатка билдирилет.
-
Деканат бардык бөлүмдөрдүн дипломдук иш темаларын сабактарды кошуу-алуу мөөнөтүнөн кийин төрт апта ичинде түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен ректоратка билдирет.
-
Студенттик иштер башкармалыгы дипломдук иш жазып жаткан студенттерди DABİS маалымат системасындагы илимий жетекчилердин баракчаларына каттайт.
Дипломдук иштин план-проспектин даярдоо
7-берене. (1) Дипломдук иштин темасы белгилүү болгон студент илимий жетекчиси менен биргеликте дипломдук иштин план-проспектин жана иштөө календарын түзөт жана бөлүм башчылыгына жиберет.
-
Студент дипломдук иштин темасы белгиленген семестр бүткөнчө илимий жетекчисинин макулдугу менен дипломдук ишти аткаруу боюнча жасалган бардык ишин камтыган отчёт даярдайт жана бөлүм башчылыгына тапшырат.
Дипломдук иш жазуу эрежелери
8-берене. (1) Табигый илимдер багытында билим алып жаткан студенттердин дипломдук иши «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер институтунун магистратура жана докторантура диссертацияларын жазуу колдонмосуна» ылайык жазылат.
-
Коомдук илимдер багытында билим алып жаткан студенттердин дипломдук иши Коомдук илимдер институтунун «ЖОЖдон кийинки билим алууда диссертация жазуу колдонмосуна» ылайык жазылат.
Илимий жетекчинин отчёту
9-берене. Илимий жетекчи экинчи семестрдин аягына эки жума калганга чейин дипломдук иш жана аны жактоого даярдык тууралуу отчёт даярдайт жана бөлүм башчылыгына тапшырат.
Дипломдук ишти алдын-ала жактоо
10-берене. (1) Илимий жетекчи отчётунда дипломдук ишти жактоого даяр деген студент мамлекеттик сынактан эки апта мурун, бөлүм башчысы белгилеген датада бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамынын катышуусу менен дипломдук ишти алдын ала коргойт.
-
Студент илимий жетекчинин көзөмөлү менен алдын ала коргоодо аныкталган кемчиликтерди жоёт. Бөлүм башчылыгы дипломдук ишин жактай турган студенттердин тизмесин мамлекеттик сынактын датасынан мурун жарыялайт.
Дипломдук ишти жактоо үчүн коюлган талаптар
11-берене. Дипломдук ишти жактай турган студент төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
-
Билим алып жаткан түзүмдүн окуу программасындагы бардык сабактарды ийгиликтүү тапшыруу;
-
Семестрдик жыйынтыктоочу баа кеминде 2.00 болушу керек;
-
Мамлекеттик сынактан өтүү.
Дипломдук ишти жактоо
12-берене. (1) Дипломдук ишти жактоо жери, күнү жана убактысы академиялык календарга ылайык бөлүм башчысы тарабынан белгиленет жана студентке 10 күн мурун маалымат берилет.
-
Дипломдук ишти жактоо сынагы «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк практика боюнча нускамасынын» 36-беренесинде камтылган жоболорго ылайык мамлекеттик сынак комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
Күчүнө кириши
13-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Анын күчүнө кириши менен Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 19-мартындагы №2013-03.030 чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дипломдук иш жазуу жөнүндө жобосу” жана ал жобонун тиркемелери жокко чыгарылат.
Ишке ашырылышы
14-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо, Университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы №2023-15.77(с) чечими менен кабыл алынган.