| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШ АДИСТИК ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 55 |
| Кабыл алганы | 19.03.2013 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО КОШ АДИСТИК ПРОГРАММА |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШ АДИСТИК ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене: Бул жобонун максаты - бакалавр программасында адистиги боюнча ийгиликтүү окуп жаткан студенттердин бир эле учурда экинчи бир тармак боюнча кош адистикке ээ болуусу үчүн кошумча билим берүүнү камсыз кылуунун зарыл жол-жобосун аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо бакалавр программасында адистиги боюнча ийгиликтүү окуп жаткан студенттердин бир эле учурда экинчи бир тармак боюнча кош адистикке ээ болуусу үчүн кошумча билим берүүнү камсыз кылуунун зарыл жол-жобосун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо “Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы» менен университеттин тиешелүү башка укуктук ченемдерине ылайык даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулду:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат: |
Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин ректораты; |
|
Окумуштуулар кеӊеши: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊеши; |
|
Декан: |
Факультеттин деканы; |
|
Мүдүр: |
Жогорку мектептин, консерваториянын, кесиптик жогорку мектептин мүдүрү; |
|
Академиялык түзүм: |
Факультет, жогорку мектеп, консерватория, кесиптик жогорку мектеп; |
|
Башкаруу кеӊеши: |
Академиялык түзүмдөрдүн башкаруу кеӊештери; |
|
Адистик программа: |
Студент окуп жаткан адистик программа; |
|
Кош адистик программасы: |
Бул жобого ылайык, атайын билим жана көндүмдөргө ээ болгон студенттерге кош адистик боюнча диплом ыйгарган программа; |
|
Эквиваленттүү сабак: |
Кош адистик программасында мазмуну боюнча окшош сабактар. |
Кош адистик программасын ачуу, ага кабыл алуу жана каттоо шарттары
5-берене.
-
Кош адистик программасы эӊ аз 36 кредит-сааттан турат. Кош адистик программасын ачкан бөлүм окуу программасына кире турган сабактарды эске алуу менен кош адистик программасынын сабактарын жана эквиваленттүү сабактарды аныктайт жана тиешелүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеңешине сунуштайт.
-
Студент кош адистик программасы боюнча дипломго ээ болуу үчүн баштапкы окуган программасындагы эквиваленттүү сабактардын кредит-сааттарынын жалпы саны менен кош адистик программасында окуй турган кредит-сааттардын жалпы саны кош адистик программасын бүтүрүү үчүн зарыл болгон кредит-сааттардын жалпы санынан аз болбошу керек.
-
Кош адистик программасы тийиштүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеӊешинин чечими жана Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу менен ачылат.
-
Кош адистик программасындагы эквиваленттүү сабактарды аныктоо Окумуштуулар кеӊе-ши тарабынан түзүлгөн “Сабактардын эквивенттүүлүгүн аныктоо комиссиясы” тарабынан жүргүзүлөт. Бул комиссияда университеттин окуу-тарбия жана сынак иштерин жүргүзүү комиссиясынын төрагасы, укуктук ченемдик актылар боюнча комиссиянын төрагасы жана Студенттик иштер башкармалыгынын жетекчиси туруктуу мүчө катары жана ачылган кош адистик программасынын түрүнө жараша Окумуштуулар кеӊеши тарабынан дайындалган эки кошумча мүчө иш алпарат.
-
Кош адистик программасына кабыл алына турган студенттердин саны тийиштүү акаде-миялык түзүмдүн башкаруу кеӊешинин чечими менен аныкталып, академиялык кален-дарда көрсөтүлгөн датада кулактандырылат. Кош адистик программасынын квотасы ти-йиштүү бөлүмгө кабыл алынган студенттердин акыркы санынын 20%нан ашпайт. Кош адистик программасына белгиленген квотадан ашык кайрылуу болгон учурда студенттин окуган программасындагы окшоштуктар, анын жалпы академиялык орточо баллы ж.б. у.с. критерийлер эске алынуу менен тандалат.
-
Студент кош адистик программасына эӊ эрте үчүнчү семестрде, эӊ кеч бешинчи семестр-дин башталышында кайрыла алат.
-
Студент кош адистик программасына тапшыруу үчүн академиялык календарда белгилен-ген күндөрү кош адистик программасын ачкан түзүмгө кайрылса болот.
-
Студент кош адистик программасына тапшыруу үчүн ошол учурга чейинки окуп жаткан адистиги боюнча бардык кредит-сааттарын ийгиликтүү тапшырышы жана кош адистик программасына тапшырып жаткан учурдагы академиялык жалпы орточо баллы кеминде 3.00 болушу керек.
-
Студенттерди кабыл алуу кош адистик программасын ачкан академиялык түзүмдүн башкаруу кеӊешинин чечими менен аяктайт.
Кош адистик программасы
6-берене.
-
Студенттин кош адистик программасын жетиштүү деӊгээлде өздөштүрө албагандыгы анын негизги катталган программасындагы жетишкен ийгилигине жана ал программаны аякташына таасирин тийгизбейт. Окуп жаткан негизги адистик программасын бүтүрүү укугунан ажыраган студентке катталган кош адистик программасынын талаптарын аткарганына карабастан, диплом берилбейт.
-
Кош адистик программасындагы студенттер менен иш алып баруу жана кош адистик про-граммасынын максатка ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу үчүн кош адистик програм-масын ачкан бөлүм тарабынан бир куратор дайындалат.
-
Кош адистик программасын бүтүргөн студентке баллдары көрсөтүлүү менен атайын дип-лом берилет.
-
Студенттин кош адистик боюнча окуган сабактары жана эквиваленттүү сабактар кош адистик программасы тарабынан берилген дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт. Тагыраак айтканда, тиркемеде берилген эквиваленттүү сабактар кош адистик программасына таандык сабактар болуп эсептелет.
-
Эки программада теӊ бирдей окутула турган сабактардын мурда окулгандары студент кош адистик программасына кабыл алынып жаткан учурда, кийин окула тургандары тийиштүү академиялык түзүмдүн чечими аркылуу ошол семестр ичинде ишке ашырыла тургандай болуп чечилет. Акыркы кабыл алынган чечим студенттик иштер башкармалыгына, кош адистик программасында бекитилген кураторго жана студент катталган түзүмгө билдири-лет. Студенттик иштер башкармалыгы тийиштүү башкаруу кеӊешинин чечимине ылайык, студенттерди кош адистик программасына каттайт жана студенттерге кош адистик программасынын жаӊы студенттик номерин берет.
-
Бир студент бир эле учурда бирден көп кош адистик программаларына же ошол эле учурда бир кош адистик, бир кошумча адистик программаларына каттала албайт.
-
Студенттин шык-талантын текшерүү сынагы аркылуу кабыл алган академиялык түзүм-дөрдө жана орто кесиптик билим берүү программаларында кош адистик программасы колдонулбайт.
Студенттин жетишкендиги жана программаны бүтүрүүсү
7-берене.
-
Студент өз каалоосу менен кош адистик программасынан баш тартууга укуктуу. Негизги адистик программасы боюнча академиялык өргүү алган студенттин бул өргүүсү кош адистик берүү программасы үчүн да жарактуу болуп саналат. Кош адистик программа-сындагы сабактар окутулбай, же болбосо сабактар бир учурга дал келип калса, сабактарга кире албай калган студенттерге кош адистик программасын жүргүзгөн академиялык түзүм тарабынан бир семестрге уруксат берилет. Бул уруксат окуу мөөнөтү болуп эсептелбейт.
-
Кош адистик программасында уруксаты жок эки семестр катары менен сабакка катыш-паган жана каттоодон өтпөгөн студент программадан чыгарылат.
-
Кош адистик программасынын талаптарын аткарган студентке өзү катталган программаны бүтүрмөйүнчө, кош адистик программасы боюнча бакалавр диплому берилбейт. Кош адистик программасы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасында” белгиленген мөөнөт ичинде аяктайт.
-
Студент кош адистик программасы боюнча бакалавр дипломуна ээ болушу үчүн кош адистик программасын бүтүрүү шарттарына (дипломдук иш жазуу, практикадан өтүү, мамлекеттик сынакты тапшыруу ж.б) жооп бериши керек.
-
Кош адистик программасынан чыгарылган студент кайрадан ошол кош адистик програм-масына кире албайт.
-
Кош адистик программасы боюнча окуудан чыгарылган студенттин алган сабактары тийиштүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеӊешинин чечими менен негизги адистик программасындагы тандалма сабактардын ордуна кабыл алынышы мүмкүн.
-
Кош адистик программасынан чыгарылган студент “Кыргыз-Түрк “Манас” университе-тинин кошумча адистик берүү программасы жөнүндөгү жобосуна” ылайык, кошумча адистик берүү программасынын бардык талаптарына жооп берсе, кошумча адистик про-граммасын ачкан түзүмгө арыз менен кайрылган учурда тийиштүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеӊешинин чечими менен кошумча адистик берүү программасы боюнча серти-фикат алуу укугуна ээ болушу мүмкүн.
-
Кош адистик программасындагы окуу-тарбия жана сынак иштерин жүргүзүү боюнча маселелер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускаманын” жоболору аркылуу жөнгө салынат.
Күчүн жоготкон укуктук ченемдер жана чечимдер
8-берене. Бул жобонун күчүнө кириши менен:
-
Окумуштуулар кеӊешинин 2004-жылдын 24-майындагы 6.32-номерлүү чечими менен күчүнө кирген “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кош адистик программасы жөнүндөгү жобосу”;
-
Окумуштуулар кеӊешинин 2005-жылдын 31-майындагы 2005-10.42-номерлүү чечими жараксыз деп табылат.
Күчүнө кириши
9-берене. Бул жобо 2013-2014-окуу жылынан баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
10-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан жөнгө салынат.
Бул жобо КТМУнун Окумуштуулар кеӊешинин 2013-жылдын 19-мартындагы 2013-03.030-номерлүү чечими менен кабыл алынган.