| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 58 |
| Кабыл алганы | 15.06.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРЛОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты:
1–берене: Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессордук-окутуучулук курамы (профессор, доцент жана доценттин милдетин аткаруучу) жана докторантура (PhD) / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка / медицина адистиги боюнча билим алган илимий кызматкерлеринин КТМУнун Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына жиберген илимий изилдөө долбоорлору жөнүндө сунуштарын баалоо, кабыл алуу, колдоо, алар менен байланыштуу кызматтарды ишке ашыруу, текшерүү жана корутундуларын карап чыгууга тийиштүү жол-жоболорду жөнгө салуу.
Мазмуну:
2–берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан колдоого алынууга чечим чыгарылган долбоорлорго байланыштуу кызматтардын аткарылышы, текшерилиши жана натыйжаларын баалоо боюнча жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме:
3–берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын тийиштүү беренелеринин негизинде даярдалган.
Аныктамалар:
4–берене: Бул жободо төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
· Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
· Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
· Ректор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору;
· Окумуштуулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
· Башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши;
· Илимий изилдөө долбоорлору: Аяктагандан кийин жыйынтыгы өлкөнүн илимий, технологиялык, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон, илимий мазмундуу, университеттин ичинде жана тышында улуттук жана / же эл аралык мекеме же уюмдардын катышуусу менен аткарыла турган долбоорлор аркылуу окумуштууларды даярдоо жана изилдөө инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү долбоорлору;
· Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин долбоорлорго байланыштуу ишин координациялаган, университеттер дайындаган илимий кызматкерлердин жардамы менен ишке ашкан улуттук жана эл аралык уюмдар колдогон долбоорлорду тийиштүү ченемдик укуктук документтердин чегинде процесстерин көзөмөлгө алган жана катчылык кылган түзүм;
· Илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы: КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы;
· Долбоордун жетекчиси: Долбоорду сунуштаган, аны даярдоо жана ишке ашыруу иштери боюнча жооптуу, университетте толук ставкада иштеген профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучу, докторантура (PhD) / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка / медицина адистиги боюнча билим алган окутуучу;
· Илимий кызматкер: Долбоорду ишке ашыруу максатында долбоордун жетекчиси тарабынан дайындалган долбоордун мүчөсү, окутуучу, долбоордун темасы боюнча билим алган бакалавриат студенти, ЖОЖдон кийинки билим алып жаткан магистрант, докторант же долбоордун темасы боюнча ЖОЖдон кийинки билими бар адис;
· Илимий жетекчи: Долбоордун максатын ишке ашыруу үчүн долбоор бүткөнгө чейин жетекчиге жана илимий кызматкерлерге өзүнүн көз карашы, пикири менен багыт берген профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү (профессор, доцент жана доценттин милдетин аткаруучу);
· Долбоордун стипендианты: Илимий изилдөө долбоорлорунда стипендиант катары дайындала турган университеттин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында билим алып жаткан студент жана кенже илимий кызматкер, (Ушул талапка ылайык келген адамдын бир жерде иштеп же иштебегендиги, стипендия алып же албагандыгы долбоордун стипендианты болууга тоскоолдук жаратпайт);
· Рецензент: Долбоордун темасына байланыштуу тажрыйбасы бар, сунушту карап, пикирин билдирген, жок эле дегенде доктор (PhD) даражасына ээ / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка билимине ээ адис дегенди түшүндүрөт.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Органдар, милдеттер, ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер
Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы
5–берене: (1) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы бул жободо камтылган долбоордун ишин координациялаган Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасынан, төраганын жардамчысынан жана жетиштүү сандагы административдик кызматкерлерден турат;
(2) Ректор Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде толук ставкада иштеген профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучулардын арасынан дайындайт.
Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасынын милдеттери
6–берене: Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасынын милдеттери төмөндөгүдөй:
(1) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын чечимдерине ылайык долбоорго байланыштуу бардык иш-чараларды уюштуруу жана бекитүү үчүн ректоратка жиберүү;
(2) Долбоордук иштер жөнүндө кулактандыруу жарыялоо;
(3) Долбоорлорго тийиштүү административдик иш-чараларды жүргүзүү жана координациялоо;
(4) Долбоорлорго тийиштүү илимий жетекчилик кылуу, тиешелүү маалыматтарды берүү жана билим берүү ишин координациялоо;
(5) Долбоордун жетекчилери менен тийиштүү мекеме, уюмдардын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылуу;
(6) Долбоорлорду ишке ашырууну баштоо, ишке ашыруу календарын түзүү, жүзөгө ашыруу, текшерүү, отчёт даярдоо жана жыйынтыктоочу процесстерди көзөмөлдөө;
(7) Колдоого алынган долбоорлор үчүн долбоордук келишимди даярдоо жана долбоордун жетекчисине кол койдуруу;
(8) Ар бир жылдын аягында сунушталган, кабыл алынган, иши улантылып жаткан жана ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө жылдык отчётту даярдоо жана ректорго жиберүү;
(9) Илимий-изилдөө иштеринин сапатын жана тажрыйбалуу илимий кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча иштерди аткаруу;
(10) Тийиштүү ченемдик укуктук документте аныкталган жана ректор тарабынан берилген башка милдеттерди аткаруу.
Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасынын жардамчысы
7–берене: (1) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасынын жардамчысы бул долбоордун жетекчиси тарабынан сунушталган жана ректор тарабынан дайындалган иш-чараларды эффективдүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн аракет кылган окутуучу;
(2) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасы кызматынан кетсе, жардамчылык кызматы да дароо токтойт;
(3) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын төрагасынын жардамчысы өзүнүн милдет жана жоопкерчиликтерин натыйжалуу ишке ашырбаса, төраганын сунушунун негизинде ректор тарабынан кызмат мөөнөтүнүн бүтпөгөнүнө карабастан, кызматынан бошотулат жана ушундай эле жол менен жаңы жардамчы дайындалат.
КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы
8–берене: (1) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы университеттеги илимий тармактардын ортосундагы балансты сактоо менен ректор тарабынан эки жылдык мөөнөткө дайындалган төрага жана алты мүчөдөн турган жети профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучулардан турат. Кызмат мөөнөтү аяктаган комиссиянын мүчөсү ушундай эле жол менен дайындалышы мүмкүн;
(2) Жүйөсүз себептер менен жыйынга катышпаган мүчө комиссиянын курамынан чыгарылат. Кандайдыр бир себеп менен комиссиядан чыгарылган мүчөнүн ордуна ректор тарабынан жаңы мүчө дайындалат;
(3) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы комиссиянын төрагасынын чакыруусунун негизинде мүчөлөрдүн жарымынан көбүнүн чогулушу менен, ачык добуш берүү аркылуу чечим чыгарышат жана бул чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Берилген добуштардын саны тең болуп калган кырдаалда, төраганын добушу чечүүчү ролду ойнойт.
КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын милдеттери жана жоопкерчиликтери
9–берене: (1) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын мүчөлөрү долбоорлордун алкагында келип түшкөн жана каралган бардык арыздардын, маалыматтардын купуялуулугуна, этикалык принциптерге жана тийиштүү ченемдик укуктук документтерге туура келгендей ишке ашырылышына жооптуу.
(2) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын милдеттери төмөндөгүдөй:
a) Долбоордун натыйжалары пайда алып келишине шыктандырган жана ресурстарды эффективдүү жана натыйжалуу колдонуу саясатын эске алуу менен колдоого алына турган долбоордун түрүн аныктоо;
b) Долбоорлорго тийиштүү колдонула турган формаларды аныктоо;
c) Колдоо өлчөмүн долбоордун түрүнө карата аныктоо;
d) Долбоордун стипендианттарына бериле турган айлык стипендиясынын максималдуу өлчөмүн аныктоо;
e) Долбоордук арыздарды ишке ашырууга жана баалоого, текшерүүгө жана жыйынтыкталышына тийиштүү ишке ашыруу принциптерин аныктоо;
f) Долбоордук арыздарды карап чыгуу менен чечим кабыл алуу; Зарыл учурларда долбоордук сунушту адистерге жана / же рецензенттерге жиберүү жана келген отчётторду карап чыгуу, долбоорго колдоо көрсөтүлөрү же көрсөтүлбөсү тууралуу чечим чыгаруу;
g) Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жетекчилеринен алынган жана долбоорлордун тийиштүү этабын камтыган мезгил аралык отчётту карап чыгуу;
h) Долбоордун жетекчилеринен келген кошумча мөөнөт, кошумча бюджет жана башка бардык талаптарды карап чыгуу жана чечим кабыл алуу;
i) Зарыл болгон учурда, долбоорго байланыштуу иштердин жүрүшүн жеринде текшере алат жана / же тийиштүү адистерге текшерттире алат, долбоордун жетекчилерин алмаштыра алат жана жокко чыгара алат;
j) Келишим жана жобонун беренелерине баш ийбеген жагдайлар байкалса, долбоорду токтотууга чечим чыгаруу жана керектүү чара көрүү үчүн ректорго маалымат берүү;
k) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин концепциясы жана инновациялык стратегиясы менен улуттук илимий технологиялардын алкагында артыкчылык берилген илимий изилдөө тармактарын, темаларын аныктайт жана ректорго сунуштайт;
l) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин изилдөө ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында алдын алуу чараларын көрүү жана изилдөө ишмердүүлүгүн өлчөө, карап чыгуу жана изилдөө саясатын аныктоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
m) Ректор тапшырма берген илимий изилдөөлөргө багытталган башка милдеттерди аткаруу.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Долбоорлордун түрлөрү
Долбоорлордун түрлөрү
10–берене: Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан колдоо көрсөтүлгөн долбоордун түрлөрү төмөндөгү тизмеде берилген. Долбоордун түрлөрү жөнүндө арыз берүү шарттары, арыздарды карап чыгуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана аяктоо үчүн колдонулган принциптер бул жобого таянуу менен КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан аныкталат жана жарыяланат. КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы долбоорлордун мазмунуна жана ишке ашыруу принциптерине өзгөртүү киргизе алат, зарыл учурларда долбоордун түрлөрүн жок кылуу жана жаңы өнүгүүлөргө ылайык жаңы долбоордун түрлөрүн түзүү сунуштарын ректорго жибере алат.
(1) Жалпы изилдөө долбоору-A(ЖИД-А): Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштеген профессордук-окутуучулук курамы (профессор, доцент жана доценттин милдетин аткаруучу) же докторантура (PhD) / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка / медицина адистиги боюнча билим алган академиялык кызматкерлер ишке ашырган, изилдөө чөйрөсүндөгү чектөөлөрсүз жалпы илимий изилдөө жана өнүктүрүү иш-чараларын камтыган долбоорлор. Долбоор эң көп 12 айга созулат. Мындай долбоорлор жөнүндө арыз берилип жатканда долбоордун жетекчисинин Scopus маалыматтык базасына кирген журналдарда өзүнүн адистиги боюнча жарыяланган жок дегенде бир макаласы болушу керек. Долбоорлордо долбоордун стипендиантын иштетүүгө болот. Долбоордун темасынын алкагында эң аз Scopus маалыматтык базасына кирген журналдарда макалалардын жарыяланышы күтүлөт;
(2) Жалпы изилдөө долбоору-B(ЖИД-В): Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштеген профессордук-окутуучулук курамы (профессор, доцент жана доценттин милдетин аткаруучу) же докторантура (PhD) / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка / медицина адистиги боюнча билим алган академиялык кызматкерлер ишке ашырган, изилдөө чөйрөсүндөгү чектөөлөрсүз жалпы илимий изилдөө жана өнүктүрүү иш-чараларын камтыган долбоорлор. Долбоор эң көп 16 айга созулат. Мындай долбоорлор жөнүндө арыз берилип жатканда долбоордун жетекчисинин Wos маалыматтык базасында катталган журналдарда адистиги боюнча жарыяланган жок дегенде бир макаласы болушу керек жана тажрыйба конструктордук иштер түрүндөгү улуттук же башка эл аралык уюмдар колдогон кандайдыр бир долбоорго жетекчилик кылган болушу керек. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты катары эң көп эки студент иштей алат; Долбоордун темасынын алкагында Wos маалыматтык базасына кирген журналдарда макалалардын жарыяланышы күтүлөт;
(3) Көп дисциплиналуу изилдөө долбоору(КДИД): Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин стратегиялык планына жана өлкөнүн илимий-технологиялык артыкчылык берилген муктаждыктарына ылайык, башка илимий изилдөө долбоорлоруна караганда көбүрөөк каражат бөлүнө турган көп дисциплиналуу жана көп тараптуу изилдөө долбоорлору болуп эсептелет. Мунун алкагында колдоо көрсөтүлгөн долбоорлор Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эң аз эки башка түзүмүнүн кызматташтыгы менен ишке ашырылышы керек жана көп дисциплиналуу изилдөөгө багытталышы талап кылынат. Долбоор эң көп 24 айга созулат. Долбоордун жетекчисинин Wos маалыматтык базасында катталган журналдарда адистиги боюнча жарыяланган жок дегенде бир макаласы болушу зарыл жана тажрыйба констурктордук иштер түрүндөгү улуттук же башка эл аралык уюмдар колдогон кандайдыр бир долбоорго жетекчилик кылган болушу керек. Илимий кызматкерлердин жок дегенде Scopus маалыматтык базасына кирген журналдарда жарыяланган эң аз бирден макаласы болушу керек. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты катары эң көп эки студент иштей алат; Мындай долбоорлордон Wos маалыматтык базасына кирген журналдарда Q1, Q2 же Q3 классында жарыяланган макалалар жана / же кошумча наркы жогорку продуктулар / көркөм чыгармалар / долбоорлордун болушу күтүлөт;
(4) Артыкчылык берилген тармактар боюнча илимий изилдөө долбоорлору: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин илим, технология жана инновация стратегиясынын алкагында артыкчылык берилген багыттар боюнча илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга компетенттүү илимий кызматкерлери тийиштүү илим / технология жаатындагы өнүгүүнү эске алуу менен текшерүүгө мүмкүн болгон максаттуу, натыйжага багытталган тажрыйба конструктордук иштер түрүндөгү улуттук же башка эл аралык уюмдар колдогон кандайдыр бир долбоорго жетекчилик кылган болушу керек. Долбоор эң көп 18 айга созулат. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты катары эң көп эки студент иштей алат. Мындай долбоорлордон Wos маалыматтык базасына кирген журналдарда макалалардын жарыяланышы талап кылынат;
(5) Карьераны колдоо долбоорлору: Кыргыз-Түрк «Манас» университетининде толук ставкада иштеген докторантура (PhD) / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка / медицина адистиги боюнча билим алган окутуучулардын карьера жасоо үчүн изилдөөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган долбоорлор. Доцент жана профессор болуп иштеген окутуучулар бул долбоорлорго катыша албайт. Долбоор эң көп 12 айга созулат. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты иштей албайт. Долбоордун темасынын алкагында жок дегенде университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган тармактардагы индекстүү журналдарда макалалардын жарыяланышы талап кылынат;
(6) Кошумча колдоо долбоорлору: Бул долбоор акыркы эки жыл ичинде эл аралык колдоого алынган программалардын бирине жөнөтүлгөн жана рецензент карап чыгып, жыйынтыгына карата босого баллга жакын балл алган, бирок кабыл алынбаган илимий изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштер боюнча долбоордун изилденбей калган жактарын изилдөөгө багытталган жана колдоого алынышы мүмкүн болгон долбоорлор. Долбоорлорду кабыл алууда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин стратегиялык планындагы жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин адистештирүү багытында даярдалган долбоорлорго артыкчылык берилет. Долбоор эң көп 12 айга созулат. Мындай долбоордо эң көп бир долбоордун стипендианты иштей алат. Долбоордун темасынын алкагында Wos маалыматтык базасына кирген журналдарда макалалардын жарыяланышы талап кылынат;
(7) Түрк университеттеринин консорциум долбоору: Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө же байкоочу болгон эң аз эки өлкөнүн университеттери менен кызматташуу аркылуу ишке ашкан долбоор. Бул долбоордун ишке ашыруучусу менен координатору бир эле киши. Кызматташтыктагы университеттер өзүнүн бюджетинин эсебинен каржыланып, консорциумга кирүү үчүн долбоорго кайрылышат. Долбоор эң көп 36 айга созулат. Мындай долбоорлордо эң көп эки долбоордун стипендианты иштей алат;
(8) Өнөр жай кызматташтык долбоорлору: Университеттен тышкаркы өнөр жай мекемелери же уюмдар менен университетте толук ставкада иштеген профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучулар биргелешип ишке ашырган, университет жана кызматташкан мекеме тарабынан чогуу каржыланган изилдөө, практика жана продукт өндүрүүгө багытталган долбоор. КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы туура көргөн долбоордун бюджетинин накталай / натуралай бөлүгү тийиштүү өнөр жай уюму тарабынан каржыланат. Долбоор эң көп 22 айга созулат. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты катары бир студент иштей алат;
(9) Улуттук жана эл аралык эки тараптуу кызматташтык долбоорлору: Улуттук же эл аралык мекеме, уюмдар, билим берүү мекемелери менен биргелешип келишим түзүү менен өз ара макулдашылган долбоорлор. Долбоордун бюджетинин эң аз 20%ы накталай / натуралай түрдө тийиштүү мекеме тарабынан каржыланат. Долбоор эң көп 14 айга созулат. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты катары бир студент иштей алат; Долбоордон Wos маалыматтык базасына кирген журналдарда жарыяланган макалаларынын болушу талап кылынат;
(10) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында жазылган дипломдук иш долбоору: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттеринин магистратура, докторантура (PhD) / көркөм өнөр багытында ассистентура-стажировка / медицина адистиги боюнча дипломдук иштерин камтыган профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучулардын жетекчилиги менен жазылган дипломдук иш долбоорлору. Долбоор дипломдук ишти коргоо күнүнө чейин созулат;
(11) Багыттуу долбоорлор: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталып, университет артыкчылык берген изилдөө жана коомго кызмат кылуу багыттары боюнча адис академиялык кызматкерлерге ректорат даярдаттырган атайын долбоорлор. Долбоордун мөөнөтү долбоордун жетекчиси тарабынан аныкталат. Мындай долбоорлордо долбоордун стипендианты катары иштеткенге болбойт.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Арыз берүү жана карап чыгуу
Долбоорго байланыштуу арыз берүү
11–берене: (1) Долбоордук арыздар “Манас” маалыматтык башкаруу системасындагы Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын баракчасы аркылуу кабыл алынат;
(2) Бир жылдын ичинде эки жолу (I семестр: 15-марттан 30-апрелге чейин; II семестр: 15-октябрдан-30-ноябрга чейин) долбоорго байланыштуу арыз берүүгө болот;
(3) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы зарыл деп эсептесе, долбоорго байланыштуу арыз берүү календарына, шарттарына жана жол-жоболоруна өзгөртүү киргизе алат;
(4) Долбоордук сунуш кыргыз жана түрк тилдеринде эки нускада даярдалып, жиберилет.
Долбоорлорду карап чыгуу
12–берене: (1) Долбоорго байланыштуу арыз берүү мезгилинде Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына берилген долбоордук сунуштар жана алардын зарыл болгон техникалык шарттарга жооп берерин текшерүү үчүн алдын ала экспертизадан өткөрүлөт. Алдын ала экспертиза жүргүзүү учурунда техникалык шарттарга жооп берген долбоордук сунуштар КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан бааланат;
(2) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында жазылган дипломдук иштин долбоордук сунуштары жана багытталган долбоордук сунуштар түздөн-түз КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан каралып чыгып, чечим чыгарылат же зарыл деп табылган учурларда долбоордук сунуштар тийиштүү эксперттерге жиберилет жана алар даярдаган отчётторду комиссия карап чыгат;
(3) Бул берененин экинчи пунктундагы долбоордук сунуштардан тышкары, башка долбоордук сунуштардын санын жана сапатын аныктоо үчүн КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы дайындаган эксперттерге жиберилет жана алар даярдаган отчётторду комиссия карап чыгат;
(4) Зарыл деп табылган учурда КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы долбоорду даярдоочулардан долбоордун мазмуну жөнүндө оозеки баяндама жасоону жана/же панелдик сессия уюштурууну талап кылышы мүмкүн;
(5) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы эксперттин пикирин, рецензенттин жана панелдик сессиянын отчётторун, эгерде бар болсо, эске алуу менен долбоорго колдоо көрсөтүлөрү же көрсөтүлбөсү тууралуу чечим чыгарат. Ошондой эле колдоо көрсөтүлө турган Долбоорлордун сунушталган бюджетинин өлчөмүнө өзгөртүү киргизе алат;
(6) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын мүчөлөрү катышкан долбоорлор талкууланып жаткан учурда ал мүчөлөр комиссиянын жыйналышына катыша албайт. Мындан тышкары сунушталган долбоордун мүчөлөрү менен кызыкчылыктары жакын же карама-каршы болгон комиссиянын мүчөсү тийиштүү долбоор талкууланып жаткан комиссиянын чогулушуна катыша албайт.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Долбоорлорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө
Долбоордун келишими
13–берене: (1) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган долбоорлор Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңешине жиберилет. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңеши кабыл алган долбоорлордун жетекчилери жана ректор келишимге кол коёт;
(2) Долбоор жөнүндө келишимдин мазмуну КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан аныкталат;
(3) Келишимге кол коюлган күн долбоорлордун башталыш датасы болуп эсептелет;
(4) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына келишимге кол коюлардан мурун жетекчилери тарабынан калем менен кол коюлган долбоордун нускасы, талап кылынган долбоорлорго Этика комиссиясынын макулдугу жана уруксат алуу үчүн талап кылынган башка документтердин бир нускасы тапшырылышы керек;
(5) Тийиштүү документтери тапшырылбаган долбоорлор үчүн келишим түзүлбөйт;
(6) Буйрук чыккан долбоорго жүйөөсүз 1 ай келишимге кол коюлбаса, улантылып жаткан долбоорлор жокко чыгарылат.
Мезгил аралык отчёттор
14–берене: Долбоордун жетекчилери өз долбоорлору боюнча төмөндөгү пункттарга таянуу менен мезгил аралык отчётторду даярдашат:
(1) Жетекчилер долбоордун алкагында бүткөн иштерди жана иштин арымын камтыган мезгил аралык отчётту келишим түзүлгөн күндөн тартып алты айлык мөөнөттө Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына жарыялана турган форматта жиберүүгө милдеттүү;
(2) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын долбоорлору үчүн дипломдук иштин негизинде тийиштүү институттарга берилген мезгил аралык отчёт же дипломдук ишти текшерүү комиссиясынын протоколунан башка эч кандай мезгил аралык отчёт талап кылынбайт. Бирок, дипломдук иш аткарылбай калган учурда же башка көйгөйлөр жаралса, долбоордун жетекчиси көйгөй башталган күндөн тарта 1 айдын ичинде Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына аткарылган иштер боюнча отчётун жиберүүгө милдеттүү;
(3) Мезгил аралык отчёттор комиссия тарабынан бааланат жана көзөмөлдөнөт. Комиссия зарыл болгон учурларда мезгил аралык отчётторду эксперттер карап чыгышы үчүн жибере алат;
(4) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган долбоорлордун мезгил аралык отчёттору эч кандай жүйөө көрсөтүлбөстөн 1 айдан көп убакытка чейин кечиктирилсе, отчёт тапшырылганга чейин долбоорлорго тиешелүү бардык иш-аракеттер токтотулат. Эскертүүлөргө карабастан, мезгил аралык отчёт 3 айдын ичинде тапшырылбаса, долбоордун иши жокко чыгарылат, долбоордун алкагында берилип, колдонууда бүлүнбөгөн жана жарамдуу инвентарлар артка кайтарылат. Колдонууга мүмкүн болбой калган инвентарлардын чыгымдары жана башка бардык чыгашалар мыйзамдуу пайыздары менен бирге долбоордун жетекчисинен артка кайтарылат. Мындан тышкары, долбоордун жетекчиси ишке ашырган бардык долбоорлорго көрсөтүлгөн колдоолор токтотулат жана долбоордун жетекчисине 2 жылга чейин Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы колдоо көрсөтпөйт.
Долбоордун жыйынтыктоочу отчёту
15–берене: (1) Долбоордун жетекчиси келишимдеги бүтүү күнүнөн кийин 2 айдын ичинде, илимий изилдөөнүн корутундуларын камтыган жана КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан аныкталган форматка туура келгендей даярдалган Долбоордун жыйынтыктоочу отчётун, дипломдук иштин долбоорун ишке ашыруучу болсо дипломдук иштин электрондук вариантын Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын модулу аркылуу Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына жиберет. Мындан тышкары, бар болсо долбоордун алкагында жарыяланган басылмалар да отчётко кошулат;
(2) Изилдөө долбоорун ишке ашырганы жөнүндө отчётту, рецензенттин карап чыгышынын негизинде бааланган долбоордун ийгиликтүү же ийгиликсиздигине карата КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан чечим чыгарылат жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңешинин буйругу менен долбоор токтотулат;
(3) Багыт көрсөтүлгөн инфраструктуралык долбоорлор үчүн Долбоордун жыйынтыктоочу отчётунун форматына карабастан, бул колдоону колдонуу эрежелери жөнүндө түшүндүрмө берген отчёт даярдалат жана Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына жиберилет;
(4) Дипломдук иш долбоору үчүн долбоордун жетекчилери дипломдук иш ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу тийиштүү институттан алынган документти түзүмгө тапшырууга милдеттүү;
(5) Дипломдук иш долбоорунда дипломдук ишти жазып жаткан студент талаптарды аткарбаса же ал студенттин студент статусунан ажыратылганы долбоордун жетекчиси тарабынан билдирилсе, долбоор КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат;
(6) Долбоордун жыйынтыктоочу отчёту талап кылынган мөөнөттө тапшырылбаса, долбоордун жетекчиси ишке ашырып жаткан бардык долбоорлорго тиешелүү иш-аракеттер отчёт тапшырылганга чейин токтотулат. Эскертүү берилгенине карабастан, 3 айдын ичинде Долбоордун жыйынтыктоочу отчётун тапшырбаса, долбоордун жетекчиси ишке ашырып жаткан бардык долбоорлордун иши токтотулуп, долбоордун алкагында берилип, колдонууда бүлүнбөгөн жана жарамдуу инвентарлар артка кайтарылат. Колдонууга мүмкүн эмес инвентарлардын жана башка бардык чыгашалардын көлөмүн мыйзам чегинде үстөк пайызы менен биргеликте долбоордун жетекчисинен артка кайтарылат жана тийиштүү ченемдик укуктук документтерге ылайык чара көрүлөт. Мындан тышкары, долбоордун жетекчиси 3 жыл бою Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү колдоолорду пайдалана албайт.
Долбоордун жетишкендиктерин басылмаларда жарыялоо
16–берене: (1) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан колдоо көрсөтүлгөн долбоорлордун негизинде жетишилген натыйжалар улуттук жана эл аралык деңгээлде жарыяланышы керек;
(2) Долбоорлордун алкагында ишке ашырылган бардык басылмаларга “Бул иш Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан колдоо көрсөтүлүү менен жарыяланды. Долбоордун каттоо номери: ... ” деген сүйлөм же бул маанини чагылдырган сүйлөм басылма жарыяланган тилде болушу милдеттүү;
(3) Долбоордун корутундуларынын алкагында бул жобонун 10-беренесиндеги долбоордун түрлөрүнө карата көрсөтүлгөн басылмалар 2 жыл ичинде жарыяланбаса, КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан долбоордун жетекчисинин жаңы долбоордук сунуштары каралбайт.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Ар түрдүү жоболор
Автордук укук жана долбоордун пайдалары
17–берене: Автордук укук жана долбоордун пайдасы:
(1) Долбоорлордон алынган илимий натыйжалардын автордук укугу жана интеллектуалдык менчик укуктары Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык. Долбоорлордон алынган илимий натыйжалардын негизинде киреше алып келе турган кандайдыр бир басылма же тажрыйба жүргүзүү үчүн милдеттүү түрдө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректоратынан уруксат алуу керек;
(2) Киреше алып келе турган патент, ойлоп табуу же продукт жаралса, алынган киреше Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган принциптердин негизинде бөлүштүрүлөт;
(3) Долбоордун жетекчиси долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жана аяктагандан кийин маалымат жана каттоолорду 5 жыл бою сактоого милдеттүү. Эгер Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы маалымат талап кылса, изилдөө процессинин жүрүшүндө / бүткөндө алынган / түзүлгөн маалымат, документ, программа, материал, мисал, үлгү, корутунду ж.б. баарын Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына тапшырууга милдеттүү;
(4) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы аякталган долбоорлорго тиешелүү ар кандай маалыматты, корутундуларды, отчётторду жана долбоордун мазмунун камтыган маалыматтарды КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын күчүндөгү ченемдик укуктук документтериндеги принциптерге ылайык, кандайдыр бир бөлүгүн же толугу менен же санарип чөйрөдө жарыялай алат / жарыялаттыра алат жана башка мекеме жана уюмдар менен бөлүшө алат;
(5) Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы колдогон долбоорлордун алкагында жасалган иштердин жыйынтыктарынан алынган / түзүлгөн патент, пайдалуу модель, ойлоп табуу, продукт, долбоор, лицензия, фирма түзүү же басылма сыяктуу ж.б. пайдалар Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына милдеттүү түрдө билдирилиши керек.
Долбоорлордун мөөнөтү жана кошумча мөөнөт
18–берене: (1) Илимий изилдөө долбоорлорунун мөөнөтү ушул жобонун 10-беренесинде долбоордун түрлөрүнө карата аныкталган максималдуу мөөнөттөн ашпагандай болуп, долбоордун жетекчиси тарабынан аныкталат;
(2) Долбоордун жетекчилеринин негиздемесинин жүйөлүүлүгү боюнча КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын чечими менен долбоорлорго кошумча убакыт нормалдуу мөөнөттүн жарымынан ашпаган шартта берилиши мүмкүн;
(3) ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын дипломдук иш долбооруна берилген мөөнөттөр ыйгарым укуктуу түзүмдөр тарабынан берилген мыйзамдуу кошумча мөөнөттөрдү кошуу аркылуу узартыла алат. Бирок ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын дипломдук иш долбоору үчүн каржылык колдоо ЖОЖдон кийинки билим берүүнүн тиешелүү мыйзамдарында белгиленген кадимки билим берүү мөөнөттөрү менен чектелет.
КТМУнун илимий изилдөө долбоорлору жана долбоорлордун бюджети
19–берене: (1) Илимий изилдөө долбоорлоруна бөлүнчү бардык каражат жыл сайын январь айында ректор тарабынан аныкталат. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет;
(2) Колдоо көрсөтүлгөн илимий изилдөө долбоорлорунун бюджети Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан арыз берүү күнүнөн баштап жарыяланат;
(3) Долбоор КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңеши тарабынан буйрук чыгарылган бюджет жана чыгаша планынын чегинде ишке ашат;
(4) Зарыл учурларда чыгымдар планын өзгөртүү, бюджеттин статьяларынын ортосунда акча каражаттарын которуу, сатып алынуучу жабдууларды, материалдарды же кызматтарды өзгөртүү жөнүндө өтүнүчтөр долбоордун жетекчисинин жүйөлүү негиздемеси боюнча КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан чечилет;
(5) Зарыл болгон учурда, долбоордун жетекчисинин жүйөлүү негиздемесине таянып, КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын чечими жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңешинин буйругу менен долбоорлордун бюджетинин чегинде кошумча ресурс каралышы мүмкүн. Кошумча бюджет талаптары келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 3 ай мурун жасалууга тийиш.
(6) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы зарыл учурларда ишке ашырууну жеңилдетүү максатында, бул беренеде көрсөтүлгөн маселелер боюнча Долбоорлорду координациялоо башкармалыгына ыйгарым укук бере алат;
(7) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жүргүзүлө турган анализ жана тесттер башка мекеме же уюмдарда жүргүзүлбөйт. Өлкөнүн ичинде жүргүзүүгө мүмкүн болгон анализ жана тесттерди чет өлкөдө жүргүзүүгө болбойт. Зарыл болгон учурларда, так негиздемелер арыз берүү формасында белгиленет.
Долбоорлордо долбоордун стипендиантын иштетүү
20–берене: Бул жобонун 10-беренесинде көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашырууда долбоордун стипендиантын ишке тартса болот. Долбоордун стипендиантынын кызмат мөөнөтү жана ай сайын бериле турган стипендиянын өлчөмү долбоордун жетекчиси тарабынан аныкталат. Бирок кызмат мөөнөтү долбоордун нормалдуу мөөнөтүнөн ашпашы жана ай сайын бериле турган стипендиянын өлчөмү КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан аныкталган сандан көп болбошу керек.
Инвентарларды колдонуу
21–берене: Долбоорлордун алкагында алынган техника, аппаратура жана жабдуулар Долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын менчиги болуп эсептелет. Аталган инвентарлар тийиштүү долбоорлор аяктаганга чейин долбоордун жетекчисинин көзөмөлүнө жана пайдалануусунда болот. Долбоордун жетекчиси аларды коргоо, тейлөө жана оңдоо иштерин координациялоо үчүн жооптуу. Аякталган долбоорлорго тийиштүү инвентарларды муктаж болгон илимий кызматкерлер колдоно алат. Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы аталган инвентарларды башка долбоорлордо колдонуу үчүн кайра алууга, орток жерде колдонууга берүүгө же зарыл учурларда башка үнөмдөөлөрдү жасоого укуктуу.
Китеп сатып алуу
22–берене: Долбоорлордун алкагында талап кылынып, сатылып алынган китептер долбоордун материалы болуп эсептелет жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепканасында сакталат. Сатылып алынган китептер Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Борбордук китепканасынын мүлкү катары катталат. Долбоор аяктаганда китептер китепканага кайтарылат.
Долбоордун алкагында өлкө ичинде жана чет өлкөдө дайындоолор
23–берене: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңешинин буйругу менен күчүнө кирген жана долбоордун бюджетинде көрсөтүлгөн өлкө ичинде жана чет өлкөгө дайындоону талап кылган арызда долбоорду кабыл алган Башкаруу кеңешинин чечимине шилтеме берилип, Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан ректоратка сунуш кылынат. Дайындоолор тийиштүү ченемдик укуктук документтердин негизинде ишке ашат.
Долбоорго тийиштүү маалыматтарды сактоо мөөнөтү
24–берене: Долбоордун жетекчиси тийиштүү бардык каттоолорду, маалыматтарды долбоор аяктаган күндөн тарта 5 жылга чейин сактоого милдеттүү.
Долбоордун курамын өзгөртүү
25–берене: (1) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы зарыл учурларда же долбоордун жетекчисинин негиздемесинде көрсөтүлгөн талаптар орундуу деп табылса, долбоордун стипендианты жана долбоордун курамын өзгөртө алат;
(2) Долбоордун жетекчиси Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеги кызматынан кетсе да, КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын чечими менен долбоордун жетекчилиги кызматын уланта алат.
Долбоордун токтотулушу
26–берене: Ден соолукка байланыштуу көйгөйлөр пайда болсо же алдын алуу мүмкүн болбогон жагдайларда КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы долбоордун белгиленген мөөнөтүн эсепке албаганда, долбоорду 12 айга чейин токтотуп кое алат.
Чара көрүү
27–берене: (1) КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы долбоор ишке ашырылып жатканда жана керек болгон учурда долбоорду өзү текшере алат же тийиштүү адистерге кайрылуу менен текшерте алат. Мындай иш-аракеттин негизинде долбоор жөнүндө берилген арызда камтылган максатка ылайык ишке ашырылбай жаткан, долбоорго байланыштуу туура эмес сарптоолор болсо, долбоордун жетекчиси жетекчилик кызматын КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы дайындаган окутуучуларга өткөрүп бербестен долбоордон чыкса, долбоор КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын буйругу менен жокко чыгарылат, долбоордун алкагында берилип, колдонууда бүлүнбөгөн жана жарамдуу инвентарлар артка кайтарылат. Колдонууга жараксыз шаймандардын чыгымдары жана башка бардык чыгашалар мыйзам чегинде үстөк пайызы менен кошо долбоордун жетекчисинен кайтарылып алынат. Мындай жетекчиге 3 жылга чейин Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан эч кандай колдоо көрсөтүлбөйт.
28–берене: Долбоор ишке ашырылып жатканда же аякталгандан кийин илимий этиканы же этикалык принциптерди бузган каржылык ресурстарды пайдалануу фактылары аныкталса, төмөндөгү чаралар көрүлөт:
(1) Учурда ишке ашырылып жаткан долбоор КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясынын чечими менен жокко чыгарылат;
(2) Долбоордун алкагында сатылып алынып, колдонууда бүлүнбөгөн жана жарамдуу инвентарлар артка кайтарылат. Долбоордун жетекчиси башка инвентарларды жана долбоордо колдонулган бардык чыгашаларды мыйзам чегиндеги пайызы менен артка кайтарат;
(3) Долбоордун алкагында этика эрежелерин бузган киши / кишилер 10 жылга чейин колдоо көрсөтүлгөн долбоорлорго катыша албайт;
(4) Маселени тийиштүү Этика комиссиясынын жыйынында талкуулоо же мыйзамдуу чара көрүү талабы менен КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы ректорго билдирет;
(5) Долбоорлордун алкагында, сапар, конгресс / симпозиумга катышуу чыгашаларын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түзүмдөрү же башка уюмдар каржыласа, Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы тарабынан эч кандай колдоо көрсөтүлбөйт. Эгерде бул принцип бузулгандыгы аныкталса, келтирилген чыгашалардын чыгымдары мыйзам чегинде үстөк пайызы менен кошо тиешелүү илимий кызматкер тарабынан кайтарылып берилет жана Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы бул кызматкерге 5 жыл колдоо көрсөтпөйт;
29–берене: Бул жобонун негизинде КТМУнун илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы тарабынан эки долбоору тең санкцияга учураган долбоордун жетекчисине же илимий кызматкерлерине 10 жылга чейин Долбоорлорду координациялоо башкармалыгы колдоо көрсөтпөйт.
Бул жободо камтылбай калган кырдаалдар:
30–берене: Бул жобо камтыбай калган кырдаалдарда Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонулат.
Жобого баш ийбейт:
31–берене: Бул жобо күчүнө кирген күнгө чейин кабыл алынган долбоорлор бул жобонун беренелери менен каралбайт.
Күчүн жоготуу:
32–берене: Бул жобонун күчүнө кириши менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги 2018-06.39 номерлүү буйругу менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин долбоорлорду координациялоо башкармалыгынын долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө жобосу” күчүн жоготот.
Күчүнө кириши:
33–берене: Бул жобо КТМУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы:
34–берене: Бул жобо ректор тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жобонун Аныктамалар аталышындагы 4-беренесине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы №2024-03.19(b) чечими менен түзөтүү киргизилген.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы №2023-10.42(b) чечими менен кабыл алынган.