| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИПЛОМДУ, ДИПЛОМДУН ТИРКЕМЕСИН ЖАНА БАШКА ДОКУМЕНТТЕРДИ ДАЯРДООНУН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 59 |
| Кабыл алганы | 27.06.2024 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИПЛОМДУ, ДИПЛОМДУН ТИРКЕМЕСИН ЖАНА БАШКА ДОКУМЕНТТЕРДИ ДАЯРДООНУН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Жалпы жоболор
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты–Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуусун бүтүргөн студенттер үчүн дипломду, дипломдун тиркемесин, транскриптти жана башка документтерди даярдоо жол-жоболорун аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуусун бүтүргөн студенттерге бериле турган дипломго жана башка документтерге тиешелүү жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына жана тиешелүү нускамаларга ылайык даярдалган.
Аныктамалар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет |
: Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректор |
: Университеттин Ректору; |
|
Биринчи проректор |
: Университеттин Биринчи проректору |
|
Окумуштуулар кеңеши |
: Университеттин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Башкаруу кеңеши |
: Университеттин Башкаруу кеңеши; |
|
Түзүм |
: Университетке караштуу институт, факультет, жогорку мектеп жана орто кесиптик колледж; |
|
Декан |
: Факультеттин деканы; |
|
Мүдүр |
: Институттун, жогорку мектептин жана орто кесиптик колледждин мүдүрү; |
|
Студенттик иштер башкармалыгы |
: Университеттин студенттик иштер башкармалыгы; |
|
Диплом |
: Түзүмдөргө караштуу бөлүмдү/ программаны/ илимий тармакты бүтүргөн студенттерге берилген документ; |
|
Мамлекеттик үлгүдөгү диплом |
: Университеттин бүтүрүүчүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоонун, акысын төлөөнүн, сактоонун, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобосуна” ылайык даярдалган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому; |
|
Университеттин диплому |
: Университеттин бүтүрүүчүлөрү үчүн ушул жобого ылайык даярдалган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин диплому. |
Дипломду даярдоо
5-берене. (1) Адис (дарыгер) квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим жөнүндөгү диплом Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медицина факультетинин билим берүү боюнча нускамасынын тиешелүү жоболоруна ылайык даярдалат. Медицина факультетинин студенттеринен тышкары, университеттин башка билим берүү программаларын аяктаган жана диплом алууга укугу бар студенттерге эки диплом берилет, бири-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому, экинчиси - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин диплому.
(2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому жана анын тиркемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоонун, акысын төлөөнүн, сактоонун, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобосунун” алкагында кыргызча жана орусча даярдалат.
(3) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин диплому түркчө жана англисче даярдалат.
(4) Диплом алууга укуктуу студенттердин дипломдору түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечимине ылайык “Ректордун буйругу” боюнча даярдалат.
Дипломдун түрлөрү
6-берене. (1) Билим берүү программаларын ийгиликтүү өздөштүрүп, диплом алууга укуктуу студенттер үчүн төмөндө көрсөтүлгөн дипломдор даярдалат:
a) Төрт семестрдик (эки жылдык) билим берүүчү орто кесиптик колледждин бүтүрүүчүлөрүнө адистиги боюнча орто кесиптик билими жөнүндө диплом берилет;
b) Сегиз семестрдик (төрт жылдык) билим берүүчү факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө багыты боюнча (бакалавр) жогорку билими жөнүндө диплом берилет;
c) Он семестрдик (беш жылдык) билим берүүчү ветеринария факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө ветеринария факультетинин диплому берилет;
d) Он эки семестрдик (алты жылдык) билим берүүчү медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө медицина факультетинин диплому берилет;
e) Төрт семестрдик (эки жылдык) билим берүүчү магистратура программасынын бүтүрүүчүлөрүнө багыты боюнча (магистр) жогорку билими жөнүндө диплом берилет;
f) Сегиз семестрдик (төрт жылдык) билим берүүчү докторантура программасынын бүтүрүүчүлөрүнө философия докторунун (PhD)/тармак боюнча докторунун диплому берилет;
g) Ассистентура-стажировка программасын өздөштүргөн студенттерге ассистентура-стажировка программасын бүтүргөндүгү тууралуу диплом берилет;
h) Кош адистик программасын өздөштүргөн студенттерге негизги адистик программасы боюнча дипломдон сырткары экинчи адистик программасы боюнча (бакалавр) жогорку билими жөнүндө диплом берилет;
i) Кошумча адистик программасын өздөштүргөн студенттерге негизги адистик программасы боюнча дипломдон сырткары кошумча адистик программасы боюнча сертификат берилет;
j) Окумуштуулар кеңешинин чечими менен коомдун өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Университеттин ардактуу доктору” диплому берилет.
(2) Милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө даярдоо курсунда окуган окуу мөөнөтү жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.
(3) Кайсы бир өлкөнүн университети менен биргелешип жүзөгө ашырылган эл аралык программаны ийгиликтүү өздөштүргөн студентке ар бир университеттен бирден болуп, эки бөлөк же эки университет биргелешип даярдаган бир гана диплом берилет. Дипломдун тексти жана андагы сөз айкаштары тараптар ортосунда кол коюлган келишимдерде ачык-айкын аныкталат.
Дипломдун формасы
7-берене. Дипломдор ректорат тарабынан атайын А4 форматындагы 200-300 грамм салмактагы атайын кагазга бирдей формада жана толтурулбай басып чыгарылат. Дипломдор берилген дипломдорду каттоо китебиндеги маалыматтар жана университететти аяктаган күнү эске алынып, тиркелген үлгүлөргө ылайык лазердик принтерде басып чыгарылат.
Дипломдогу маалыматтар
8-берене.(1) Дипломго жазыла турган маалыматтар боюнча ар бир студенттин “Диплом тууралуу маалымат бланкында” көрсөткөн маалыматтары текшерилет, эгерде каталар бар болсо оңдолот, кемчиликтер толукталат.
(2) Дипломдун алдыңкы бетинде:
a) Университеттин аталышы, түзүмдүн аталышы, дипломдун түрү, бөлүмдүн аталышы, бар болсо программанын аталышы, студенттин аты-жөнү, бар болсо наамы, даражасы;
b) Университеттин логотиби жана мөөрү;
c) Ыйгарым укуктуу кишилердин кол тамгалары орун алат.
(3) Арткы бетинде:
a) QR-код;
b) Студенттик билеттин номери, студенттин номери, аты-жөнү, туулган жылы, дипломдун каттоо номери, университетти аяктаган күнү, дипломдун орточо баасы;
c) Аныкталган мөөнөттө окуусун аяктаган, тартип жазаларын албаган жана орточо баллы (GPA) 3.00-3.49 болгон орто кесиптик билим берүү/бакалавр/магистратура программасынын студенти үчүн “Алдыңкы студент”, орточо баллы 3.50 жана андан жогору болгон студент үчүн “Артыкчылык диплому” деген сөз айкашы;
d) Электрондук кол тамгасы коюлган дипломдордо “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамга ылайык “коопсуз электрондук кол тамганы пайдалануу менен даярдалган” деген сөз айкашы жазылат.
(4) Дипломго декан/мүдүр, биринчи проректор жана ректор тарабынан нымдуу/электрондук кол тамга менен кол коюлат. Университетти аяктаган күнү декан/мүдүр жок болгон учурда, дипломдорго ишеним кат берилген адам тарабынан кол коюлат. Дайындалган декан/мүдүр жок болгон учурда, дипломдорго биринчи проректор жана ректор гана кол коюшат (дипломдордун үлгүлөрү жобонун тиркемесинде берилген).
(5) Кол коюлган жана бекитилген дипломдор студенттик иштер башкармалыгы тарабынан аныкталган маалыматтарды сактоо жайында архивделет. Архивделген дипломдор резервделет жана сакталат.
Университетти аяктаган күнү
9-берене. Дипломдук иш жазуу талабы коюлбаган билим берүү программалары боюнча мамлекеттик сынак тапшырылган күн жана дипломдук иш жазуу талабы коюлган билим берүү программалары боюнча дипломдук ишти коргоо күнү университетти аяктаган күн болуп саналат. Университетти аяктаган күн түзүмдүн Башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталат.
Дипломдун номери
10-берене. Дипломдун номери төмөнкүдөй тартипте жазылат: университетти аяктаган жылы/түзүмдүн коду, бөлүмдүн/кафедранын коду (бар болсо, программанын коду) жана иреттик номери. Иреттик номери жыл сайын 01ден баштап берилет (мисалы: 24/52.011.01).
Дипломдо жазылбаган жагдайлар
11-берене. Аралыктан окутуу, күндүзгү окутуу жана экинчи билим берүү программасы, ошондой эле кош адистик программасы боюнча окуусун бүтүргөн студенттердин дипломдорунда алардын аралыктан окутуу, күндүзгү окутуу жана экинчи билим берүү же кош адистик программасы боюнча окуусун бүтүргөндүгү көрсөтүлбөйт. Бул маалыматтар транскриптте көрсөтүлөт.
Берилген дипломдорду каттоо китеби
12-берене. Берилген дипломдор жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн сүрөттөрү бар жана бир нускада дипломдорду каттоо китеби таризделет. Аталган китепте студент тууралуу маалыматтар университетти аяктаган күн эске алынып жазылат жана диплом алуучунун нымдуу кол тамгасы менен кол коюлат. Сүрөттөр студент дароо тааныла тургандай болуп тиркелиши керек.
Диплом үчүн төлөм жана аны тапшыруу
13-берене. (1) Университет тарабынан дипломдун акысы аныкталат. Дипломдун акысы жаңыланышы мүмкүн.
(2) Дипломдун акысы университет тарабынан аныкталган квитанция боюнча төлөнөт.
(3) Диплом студенттин өзүнө же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлүнө берилет. Дипломду алууда дипломдун акысы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция жана башка талап кылынган документтер тапшырылышы керек. Дипломдун акысын төлөбөгөн адамдарга диплом берилбейт.
Дипломду жаңыдан даярдоо
14-берене. Дипломго жазылган маалыматтарда ката кетирилсе, диплом жаңыдан даярдалат. Эгерде ката студенттин айынан болсо, жаңыдан даярдалган дипломдун акысы кайра төлөнөт.
Дипломдун дубликаты
15-берене. (1) Диплом жоголгон болсо, андагы маалыматтар окуганга жараксыз болуп калса же жүйөлүү себептер менен дипломдун дубликаты талап кылынса, өлкө ичиндеги каалаган улуттук/ жергиликтүү гезиттерге кулактандыруу берилет.
(2) Инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелген арыз менен студенттик иштер башкармалыгына/ институттун мүдүрлүгүнө кайрылуу керек.
(3) Документтер карап чыгылгандан кийин университеттин Башкаруу кеңешинин чечими менен дипломдун дубликаты даярдалат.
(4) Дипломдун дубликатында дипломдун түп нускасындагы маалыматтар орун алат.
(5) Дипломдун акысы алынгандан кийин диплом ээсине же анын ишенимдүү өкүлүнө берилет.
Дипломдун тиркемеси жана транскрипт/ табель
16-берене. (1) Бүтүрүүчүгө диплом менен кошо англис тилинде даярдалган дипломдун тиркемеси (SUPPLEMENT) жана түрк тилинде даярдалган транскрипт/табель берилет (үлгүлөрү тиркемеде берилген).
(2) Эгерде бул документтердин дубликаты же андан көп көчүрмөсү же англис тилиндеги транскрипти талап кылынса, университет тарабынан аныкталган төлөм алынышы мүмкүн.
Диплом даярдалгандан кийин дипломго киргизиле турган өзгөртүүлөр
17-берене. (1) Диплом даярдалгандан же тапшырылгандан кийин расмий органдар тарабынан фамилиясын, атын өзгөртүү сыяктуу жарандык абалдын актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөр киргизилсе, дипломдун түп нускасы, расмий органдар тарабынан берилген соттун чечими, жарандык абалдын актысы жөнүндө күбөлүк сыяктуу документтер тиркелген арыз менен жеке өзү же ишеним кат берилген адамы аркылуу университетке кайрылуу же электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек.
(2) Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин дипломдун түп нускасынын арткы бетинде белги коюлуп, киргизилген өзгөртүү көрсөтүлөт жана студенттик иштер башкармалыгынын башчысы/ институттун мүдүрү тарабынан кол коюлат.
Университетти аяктагандыгы тууралуу убактылуу күбөлүк
18-берене. Университетти аяктагандыгы тууралуу убактылуу күбөлүк диплом даяр болгонго чейин бүтүрүүчүнүн арызы боюнча берилет. Университетти аяктагандыгы тууралуу убактылуу күбөлүктүн үлгүсү тиркемеде берилген.
Кошумча адистик боюнча сертификат
19-берене. Кошумча адистик программасы боюнча окуусун аяктаган студенттерге окуган адистиги боюнча гана документ (кошумча адистик боюнча сертификат) берилет. Бул документ дипломдун ордуна жарактуу болуп эсептелбейт. Сертификаттын үлгүсү тиркемеде берилген.
Жободо каралбаган жагдайлар
20-берене. Бул жободо каралбаган жагдайлар университеттин тиешелүү ченемдик укуктук документи жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жөнгө салынат.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет жана 2005-жылдын 26-апрелиндеги 2005-8.33-номерлүү Окумуштуулар кеңешинин чечими менен күчүнө кирген КТМУнун “Диплом, сертификат, дипломдун дубликатын жана мугалимдик сертификаттын ордуна жарактуу документ алуунун жол-жобосу жөнүндө жобосу” өз күчүн жоготот.
Ишке ашырылышы
22-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору тарабынан ишке ашырылат.
ТИРКЕМЕ
1. Диплом тууралуу маалымат бланкы
2. Дипломдун үлгүлөрү
3. Дипломдун тиркемесинин үлгүлөрү
4. Дипломдун көчүрмөсү-транскрипт/ табель
5. Университетти аяктагандыгы тууралуу убактылуу күбөлүк
6. Кошумча адистик боюнча сертификаттын үлгүсү
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы №2024-07.49(b) чечими менен кабыл алынган.