| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРДА СТИПЕНДИЯ ЫЙГАРЫЛУУЧУ ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 84 |
| Кабыл алганы | 24.03.2024 |
| Ачкыч сөздөр |
СТИПЕНДИЯ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРДА СТИПЕНДИЯ ЫЙГАРЫЛУУЧУ ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана негизги түшүнүктөр
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин институттарында артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча негиздерди аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу институттар тарабынан ишке ашырылып жаткан артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо колдонулган негизги түшүнүктөрдүн аныктамалары төмөнкүдөй:
- Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
- Камкорчулар кеңеши: Университеттин Камкорчулар кеңеши;
- Ректор: Университеттин ректору;
- Ректорат: Университеттин ректораты;
- Окумуштуулар кеңеши: Университеттин Окумуштуулар кеңеши;
- Институт: Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу магистратура/ докторантура/ассистентура-стажировка багыттары боюнча илимий ишмердүүлүк жүргүзгөн институт;
- Mүдүр: Институттун мүдүрү;
- Институттун башкаруу кеңеши: Институттун максаттарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш-чараларда мүдүргө көмөк көрсөтүүчү башкаруу кеңеши;
- Институттун кеңеши: Институттун билим берүү жана илимий-изилдөө иштери боюнча Академиялык кеңеши;
- ИМДБ/ИАСБ: Институттун магистратура жана докторантура бөлүмдөрү/институттун ассистентура-стажировка программаларын ишке ашырган бөлүмү;
- ИМДБ/ИАСБ Академиялык кеңеши: ИМДБ/ИАСБда толук айлык акы менен эмгектенген профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнөн түзүлгөн кеңеши;
- Стипендиант: Бул жобонун алкагында ИМДБ/ИАСБда ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы боюнча билим алып жаткан студент;
- ALES: Түркия Республикасындагы академиялык курамдын мүчөлүгүнө талапкер болуу жана магистратура/докторантура программаларына тапшыруу сынагы;
- GMAT: Graduate Management Admission Test сынагы;
- GRE: Graduate Record Examination сынагы;
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, бөлүмдөрдү ачуу, өтүнмөлөрдү кабыл алуу, Студенттерди кабыл алуу жана билим берүү
Артыкчылыктуу багыттарды аныктоо
5-берене. Стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программасындагы артыкчылыктуу багыттар ЖОЖдон кийинки билим берүү программасында билим берип жаткан бөлүмдөрдүн пикирлерин эске алуу менен ректордун төрагалыгында институттун мүдүрлөрүнөн түзүлгөн кеңеш тарабынан аныкталат.
Квоталардын аныкталышы
6-берене. Артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына кабыл алына турган студенттердин квотасы ИМДБ/ИАСБнын Академиялык кеңешинин сунушу, институттун Башкаруу кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилет.
Студенттерди кабыл алуу боюнча кулактандыруунун жарыяланышы
7-берене. Институттун артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына студенттерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу квотанын саны, өтүнмө берүүдө жана акыркы каттоодо талап кылынган документтер, өтүнмө берүүнүн шарттары, адистик сынагы, каттоо күндөрү жана кабыл алуу иштери 1-майдан 10-сентябрга чейинки мезгилде аяктай тургандай кылып даярдалат. Кулактандыруу институттун Башкаруу кеңешинин чечими чыгып, Окумуштуулар кеңеши тарабынан тастыкталгандан кийин институттун веб-баракчасына жарыяланат. Студенттерди кабыл алуу жылына бир жолу жүргүзүлөт.
Өтүнмө берүүнүн шарттары
8-берене. (1) Институттун артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу үчүн өтүнмөлөр, кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде, талап кылынган документтер менен бирге институттун студенттик иштер бөлүмүнө колмо-кол же электрондук түрдө берилет. Өтүнмө берүү учурунда талап кылынган документтердин көчүрмөсү, акыркы каттоодо түп нускасы же нотариус тарабынан күбөлөндүргөн нускасы талап кылынат. Өтүнмө берүүнүн шарттары жана талап кылынган документтер:
- Түркия Республикасынын жараны болуу.
- Кулактандыруу жарыяланган учурда магистратурага тапшырып жаткан талапкердин жаш курагы 26дан жогору болбошу, ал эми докторантурага тапшырып жаткан талапкердин жаш курагы 30дан жогору болбошу зарыл.
- Жарыяда талап кылынган дипломго ээ болушу керек.
- Орточо баллы магистратура үчүн 2.50/4.00төн кем эмес; докторантура үчүн 3.00/4.00төн кем эместигин көрсөткөн жана бүтүргөн жогорку окуу жайы тарабынан тастыкталган дипломдун транскрипти. Дипломдун орточо баллы төрттүк система менен эсептелбеген учурда Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин баллдарды которуу таблицасынын” негизинде төрттүк системага айландырылып каралат. ИМДБ/ИАСБнын Академиялык кеңешинин чечиминин негизинде институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен жогорураак баа берилиши мүмкүн.
- Докторантура үчүн жарактуу болгон чет тили боюнча билимин тастыктаган сертификат. Чет тили боюнча билимин тастыктаган сертификаттардын кайсынысы жарактуу катары кабыл алынары ИМДБ/ИАСБнын Академиялык кеңешинин сунушу боюнча институттун башкаруу кеңешинин чечиминин негизинде аныкталат. Чет тилин билүү: университетте ÖSYM тарабынан өткөрүлгөн Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагынан кеминде 60 балл, Түркия Республикасында ÖSYM тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынагынан кеминде 55 балл же Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тили сынагы боюнча баллдарды которуу таблицасындагы” чет тилдердин биринин баллына эквиваленттүү балл талап кылынат. ИМДБ/ИАСБнын Академиялык кеңешинин чечиминин негизинде институттун башкаруу кеңеши тарабынан бекитилген чечимге ылайык мындан жогору балл аныкталышы мүмкүн. Эквиваленттик балл “КТМУнун чет тилдери боюнча эквиваленттүүлүк таблицасына” ылайык эсептелинет. ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын илимий багыты чет тили болгон талапкерлерден башка чет тили боюнча билимин тастыктаган сертификат талап кылынат. Жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн чет тили боюнча билимин тастыктаган эл аралык сертификаттар 5 жылга чейин жарактуу болот.
- ALES сынагынан кеминде 55 балл же ALESке эквиваленттүү балл болгон эл аралык деңгээлде таанылган GRE же GMAT сертификаты болушу керек. GRE жана GMAT баллдары Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин баллдарды которуу таблицасынын” негизинде ALES баллына айландырылат. ALES сертификатынын жарактуулук мөөнөтү 3 жыл, ал эми GRE жана GMAT сертификаттарынын жарактуулук мөөнөтү 5 жыл. ALES баллынын кайсы түрү кабыл алынары ИМДБ/ИАСБнын сунушу менен институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
- Паспорт.
- Аскердик билет/Аскердик каттоого тургузулганы жөнүндө күбөлүк.
- Өтүнмө берүү формасын толтуруу.
- Түркия Республикасы жана Түркия Республикасындагы жана Түркия Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан жогорку окуу жайларынан сырткары жогорку окуу жайлары тарабынан берилген дипломдор Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитети тарабынан каралып чыгып, “Чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билими тууралуу документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктаган күбөлүк” берилиши керек.
- Студенттерди кабыл алуу боюнча кулактандырууда жарыяланган талаптарды аткаруу.
- Талапкер бирден ашык программага өтүнмө бере албайт.
Оозеки түрүндөгү санак комиссиясы
9-берене. Арчыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына кабыл алууда оозеки түрүндө гана сынак өткөрүлөт. Жазуу түрүндөгү сынактын ордуна ALES сынак баллы, дипломдун орточо баллы жана чет тили боюнча алган баллдары каралат. Бул оозеки түрүндөгү сынак институттун башкаруу кеңешинин сунушу жана ректордун макулдугу менен үч (3) кишиден түзүлгөн комиссия тарабынан бетме-бет жана/же онлайн түрүндө КТМУда жана/же КТМУнун Анкара кеңсесинде өткөрүлөт.
Адистик сынак жана жыйынтыктары
10-берене. (1) Адистик сынак жазуу (магистратура үчүн ALES баллы, дипломдун орточо баллы; докторантура үчүн ALES баллы, дипломдун орточо баллы жана чет тили боюнча баллы) жана оозеки түрүндө өткөрүлөт. Талапкердин дипломунун орточо баллы Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин баллдарды которуу таблицасынын” негизинде 100 баллдык системага айландырылат.
- Жазуу түрүндөгү сынактын баллы: магистратура үчүн ALES баллынын 50%ы, дипломдун орточо баллынын 50%ы; докторантура үчүн ALES баллынын 50%ы, дипломдун орточо баллынын 35%ы жана чет тили сынагы боюнча баллдын 15%ы эсептелинет.
- 100 баллдык баалоо системасы боюнча талапкер жазуу түрүндөгү сынактан 60 баллдан төмөн балл алган учурда ийгиликсиз деп табылып, оозеки түрүндөгү сынакка кабыл алынбайт.
- 100 баллдык баалоо системасы боюнча талапкер оозеки түрүндөгү сынактан 60 баллдан төмөн балл алган учурда ийгиликсиз деп табылып, адистик сынагы боюнча алган баллы эсептелбейт.
- Адистиги боюнча сынак баллы жазуу түрүндөгү сынак баллынын 50%ын жана оозеки түрүндөгү сынак баллынын 50%ын түзөт.
- 100 баллдык баалоо системасы боюнча адистиги боюнча сынактан 70 баллдан төмөн балл алган талапкер сынакты ийгиликсиз тапшырды деп эсептелип, программага каттала албайт.
- Сынак жыйынтыгы боюнча талапкерлердин алган баллдары бирдей болуп калган учурда биринчи кезекте адистик сынагынан алган баллы, андан соң ALES баллы, дипломдун орточо баллы жана чет тили сынагынан алган баллы эске алынып, талапкерлер тизме боюнча тандалып алынат.
- ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына өткөн талапкерлердин тизмеси институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет жана жарыяланат. Институттун Башкаруу кеңеши жарыялаган квотада канча орун берилсе, дагы ошончо орунга кошумча талапкерлерди алууну жарыялашы мүмкүн.
Акыркы каттоо
11-берене. (1) Институтка өтүү укугуна ээ болгон талапкерлер талап кылынган документтерди кулактандырууда көрсөтүлгөн каттоо мөөнөтү ичинде жеке өзү же нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты берилген өкүлү институтка тапшырып, акыркы каттоодон өтүүсү керек. Документтер толук тапшырылбаса, каттоо жүргүзүлбөйт. Акыркы каттоодо дипломдордун түп нускасы талап кылынат. Башка документтердин түп нускасы же нотариус тарабынан тастыкталган нускалары кабыл алынат, бирок кийин зарыл болгон учурда документтердин түп нускасы институт тарабынан талап кылынышы ыктымал. Бир документтин түп нускасы берилбеген учурда, студент институттан четтетилет.
- Белгиленген мөөнөт ичинде акыркы каттоодон өтпөгөн докторанттын жүйөлүү себептери эске алынбастан, каттоо укугунан ажыратылат.
- Бошогон орундарга кошумча тизмеде орун алган талапкерлер алган баллына жараша акыркы каттоодон өтүшөт.
- Акыркы каттоо аяктагандан кийин, институттун Башкаруу кеңешинин сунушу менен университеттин Башкаруу кеңешинин чечиминин негизинде стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон магистрант жана докторанттардын тизмеси бекитилет.
Билим берүү процессинин жүргүзүлүшү
12-берене. Артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы Университеттин ЖОЖдон кийинки билим берүү боюнча нускамасы, Магистратура программасын ишке ашыруу жөнүндө жобосунун жана Докторантура программасын ишке ашыруу жөнүндө жобосунун негизинде жүргүзүлөт.
Стипендия берүү боюнча келишим
13-берене. (1) Ректорат тарабынан стипендиянын өлчөмү, шарттары, токтотуу, кайтаруу ж.б.у.с. жагдайларды камтыган келишим даярдалат.
- Акыркы каттоодон өтүп, билим ала баштаган студенттер менен Университеттин атынан ректордун колу менен эки нускада келишим түзүлөт.
- Магистрант/докторант келишимдеги бардык жоболордон жооптуу болуп саналат.
Стипендиянын өлчөмү, мөөнөтү жана төлөө боюнча жол-жоболор
14-берене. (1) Артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын алкагында ай сайын берилүүчү стипендиянын өлчөмү институттун башкаруу кеңешинин сунушу, университеттин Башкаруу кеңешинин чечими жана Камкорчулар кеңешинин төрагасынын макулдугу менен аныкталат.
- Магистранттарга ай сайын берилүүчү стипендиянын өлчөмү университетте толук айлык акы менен эмгектенген кенже илимий кызматкердин айлык эмгек акысынан (чет өлкөлүк жарандарга берилген кенемтеден сырткары) ашпоого тийиш.
- Докторанттарга берилүүчү стипендиянын өлчөмү университетте толук айлык акы менен эмгектенген кенже илимий кызматкердин айлык эмгек акысынын үч эсе өлчөмүнүн жарымынан (чет өлкөлүк жарандарга берилген кенемтеден сырткары) ашпоого тийиш.
- Бишкектин сыртынан келген стипендианттарга бир гана жолу бериле турган жол-транспорт чыгымы университет тарабынан каржыланат.
- Магистранттын стипендия алуу мөөнөтү максималдуу түрдө үч (3) жыл, ал эми докторанттын стипендия алуу мөөнөтү максималдуу түрдө беш (5) жыл. Бул мөөнөткө университеттин тил үйрөтүү бөлүмүнүн даярдоо курсу дагы кирет.
- Студенттерге жылдын он эки (12) айы бою стипендия төлөнөт.
- Институт ар бир айда студенттердин бул жободо көрсөтүлгөн милдеттерин аткарып же аткарбай жаткандыгын көзөмөлдөп, ар бир айдын эң биринчи аптасында стипендия ала турган студенттердин тизмесин аныктап ректоратка билдирет. Институт тарабынан жөнөтүлгөн тизменин негизинде студенттерге стипендия төлөнөт.
- Стипендия төлөмдөрү студент акыркы каттоодон өтүп, окуу башталган жылдын октябрь айынан баштап, стипендия алуу мөөнөтү аяктаганга чейин, айдын алгачкы 15 күнү ичинде стипендианттардын банк эсебине которулат.
Стипендианттардын милдеттери жана жоопкерчиликтери
15-берене. (1) Стипендианттар стипендия алган мөөнөт боюнча окуусун үзгүлтүксүз улантууга тийиш.
- Стипендиант стипендия алган мөөнөт боюнча окуусун үзгүлтүккө учуратпоо шарты менен институт тарабынан берилген милдеттерди аткаруусу керек. Стипендиант институттун мүдүрүнүн сунушу жана ректораттын макулдугу менен, ИМДБ/ИАСБда университеттин башка бөлүмүндө иш жүргүзүүгө милдеттендирилиши мүмкүн.
- Стипендиант милдеттендирилген ИМДБ/ИАСБда сабак берүү же практикалык иштерди жүзөгө ашыруудан сырткары бардык окуу-тарбиялык иш-чараларга катышат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Бул милдеттерди ар бир жылдын 1-сентябрынан баштап академиялык календарда көрсөтүлгөн билим берүү процесси аяктаган айдын аягына чейин аткарууга тийиш.
- Стипендиант бардык академиялык иш-чараларда (жарыялаган макалалары, окуган баяндамалары, катышкан долбоорлору, отчёттору жана диссертациялык иши ж.б.) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атын көрсөтүп, аталган университеттен стипендия алып жаткандыгын билдирүүгө милдеттүү.
- Стипендиант иш алып барган бөлүмүндөгү бардык жетекчилердин алдында бирдей милдет жана жоопкерчиликке ээ.
Бөлүмдөрдүн жоопкерчиликтери
16-берене. (1) Куратор 2 айлык мөөнөттө стипендианттардын жоктомосун жүргүзүп, ийгиликтери тууралуу институтка маалымат берет.
- ИМДБ/ИАСБ башчылыгы бөлүмдө иш алып барууга милдеттендирилген стипендианттардын академиялык иш-чаралары боюнча отчётун ар бир окуу жылдын аягына чейин институтка тапшырат.
- Институт стипендиант менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, зарыл болгон жагдайларды ректоратка билдирет.
- Институт ар бир окуу жылынын аягында стипендианттын академиялык өнүгүүсү боюнча отчёт даярдап ректоратка билдирет.
- Институт ар бир айдын биринчи аптасында өткөн айда стипендияга татыктуу болгон докторанттардын тизмесин даярдайт.
Академиялык иш-чараларга катышуу
17-берене. Oрхон, Мевляна, Фараби, Эрасмус ж.б. программаларга катышуу укугуна ээ болгон стипендианттарга стипендия төлөө улантылат. Алмашуу программасынын мөөнөтү максималдуу стипендия мөөнөтү катары эсептелинет.
Стипендияны убактылуу токтотуу же толугу менен токтотуу
18-берене. (1) ЖОЖдон кийинки билим берүү боюнча нускамасынын 37-жана 38-беренелерине ылайык студент уруксат же академиялык өргүү алган учурларда стипендия төлөнбөйт. Бирок уруксат жана академиялык өргүү мөөнөтү максималдуу стипендия мөөнөтүнөн эсептелбейт.
- Студентке тартип бузуу боюнча териштирүү иши ачылган учурда ал аяктаганга чейин стипендия төлөө токтотулат. Териштирүү ишинин жыйынтыгында тартип жазасы берилбеген учурда стипендия төлөө мөөнөтү токтотулган учурдагы стипендиясы менен кошо төлөнүп, андан ары стипендия төлөө улантылат.
- Төмөнкү учурларда стипендиантка төлөнүп жаткан стипендия токтотулат:
- a)Тартип жазасын алуу.
- b)Башка университетке же университеттин башка ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына же төмөнкү бир программага өткөн учурда же болбосо катталган программасынан чыгып, башка бир программага катталган учурда.
- c)ЖОЖдон кийинки билим берүү боюнча нускамасына ылайык окуу программасын ийгиликтүү аяктай албаган учурда жана/же институттан чыгарылганда.
- d)Мамлекеттик же жеке менчик мекемеге, уюмга (толук/жарым айлык акы, штаттан сырткары, айлык келишимдин негизинде, убактылуу/сааттык төлөм менен эмгектенген ж.б.) ишке алынганда же жеке ишин ачканда.
Стипендиянын кайтарылып берилиши
19-берене. (1). Стипендиант бул жобонун негизинде стипендиясынын токтотулушуна себеп болгон жагдай пайда болгон учурда институтка маалымат берип, себептүү жагдай болсо өзүнө ашыкча төлөнгөн стипендияны университетке кайтарып берүүгө милдеттүү болуп саналат.
- Стипендиантка тартип бузуу боюнча териштирүү иши ачылган учурда ал аяктаганга чейин стипендия төлөө токтотулат. Териштирүү ишинин жыйынтыгында тартип жазасы берилбеген учурда стипендия төлөө мөөнөтү токтотулган учурдагы стипендиясы менен кошо төлөнүп, андан ары стипендия төлөө улантылат. Тартип жазасын алган учурда стипендия төлөмдөрү токтотулат.
- Академиялык календарда окуу жылы аяктаган учурда уруксат алган стипендианттар кийинки академиялык жылда милдеттендирилген бөлүмдө ишине келбесе, семестрдик каттоодон өтпөсө же окуусун улантпаса уруксат алган учурларында төлөнгөн стипендияны 20% ашыкчасы менен кайтарып берүүгө милдеттүү.
- Мамлекеттик кызматтан четтетилген же өзгөчө кырдаал учурунда көрүлгөн чаралардын негизинде ишинен бошотулган жана террористик уюмдар же Түркия Республикасынын же Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна каршы иш-чараларды жүргүзгөн түзүм, топтор менен байланышы болгондугу аныкталган стипендианттардын стипендия төлөмдөрү токтотулуп, төлөнгөн стипендия 20% ашыкчасы менен стипендианттан кайтарылып алынат.
- Түркия Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кооптуу деп табылган уюмдар жана түзүмдөр менен мамилеси бар жана Кыргыз Республикасынын саясий иш-чараларына катышкан стипендианттардын стипендиясы токтотулуп, төлөнгөн стипендия 20% ашыкчасы менен стипендианттан кайтарылып алынат.
Нускамада каралбаган жагдайлар
20-берене. Бул жободо каралбаган жагдайлар Окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин негизинде каралат.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет.
Күчүн жоготкон жобо
22-берене. Бул жобо кабыл алынгандан тарта, Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги №2022-12.35(а) чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин артыкчылыктуу багыттарда стипендия ыйгарылуучу докторантура программасы жөнүндө” жобосу өз күчүн жоготот.
Ишке ашырылышы
22-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору тарабынан жөнгө салынат.
Бул жобо КТМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы №2024-03.14 (a) чечими менен кабыл алынган.