| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН “ПЕДАГОГИКАЛЫК СЕРТИФИКАТ” ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 85 |
| Кабыл алганы | 15.01.2015 |
| Ачкыч сөздөр |
“ПЕДАГОГИКАЛЫК СЕРТИФИКАТ” |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН “ПЕДАГОГИКАЛЫК СЕРТИФИКАТ” ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – университеттин төрт жылдык бакалавр программасы боюнча үчүнчү жана төртүнчү курста окуган жана “Педагогикалык сертификат” программасына катышууну каалаган студенттерди мугалимдик кесип талап кылган билимге, жөндөмгө жана көндүмдөргө калыптандырууга багытталган программаны ишке ашыруу жол-жоболорун иштеп чыгуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо “Педагогикалык сертификат” программасы боюнча окуу планын түзүү, алардын мазмунун иштеп чыгуу, ошондой эле окуу-тарбия ишине байланыштуу академиялык, административдик жана финансылык маселелерди камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына жана башка ченемдик-укуктук документтерине ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
“Педагогикалык сертификат” программасына катышкан студенттерди сабактарга каттоо, программаны бүтүрүп жаткан студенттердин жетишкендиктери боюнча бааларын текшерүү, аларга сертификат берүү боюнча иш-чараларды жүргүзгөн окутуучу; |
|
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин башкаруу кеңеши; |
|
Практикант-студенттердин окуу жайлардагы практикалык иштери пландаштырылган жана аныкталган жол-жоболорго ылайык аткарылышын камсыздаган педагогика бөлүмүнүн башчысы; |
|
Практикант-студенттер тийиштүү тармак боюнча педагогикалык көндүмдөргө ээ болушун, аныкталган сабактын же сабактардын пландуу түрдө окутулушун камсыз кылган, практикалык иштердин жыйынтыктарына баалоо жүргүзгөн сабак; |
|
“Педагогикалык сертификат” программасы; |
|
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты/ ректору; |
|
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Аныкталган жол-жоболорго ылайык окуу жайында практикалык иштерди ишке ашыруу үчүн мектеп, тийиштүү мекемелер менен кишилердин ортосунда байланыш түзүп, алардын ишмердүүлүгүн координациялаган мектептин мүдүрү же анын орун басары (завуч); |
|
Педагогикалык практика өтүлүүчү башталгыч жана орто мектептер, лицей жана ушул деңгээлдеги билим берүү мекемеси; |
|
Өз тармагы боюнча тажрыйбалуу жана кесиптик билимге ээ, практикант-студенттер үчүн практикалык иштерди пландаштырган, уюштурган жана талдоо жүргүзгөн университеттин окутуучусу; |
|
Практика өтүлүүчү окуу жайда эмгектенген, кесиптик билимге ээ, өз тармагы боюнча тажрыйбалуу мугалимдердин ичинен тандалган, практикант-студенттердин мугалимдик кесип боюнча керектүү жүрүм-турумдарга ээ болуусу үчүн жол көрсөткөн жана кеңеш берген мектептин мугалими; |
|
Кыргыз-Түрк “Манас” университети. |
Программага катышууга арыз берүү жана сабактарга катталуу
5-берене. Бул программага бакалавр программасында үчүнчү жана төртүнчү курста билим алып жаткан студенттер өтө алат. Аталган программага кабыл алууда бөлүнгөн квотага жана студенттин академиялык жетишкендиктерине жараша, башкача айтканда алты семестрде тең бардык сабактарын ийгиликтүү тапшырган студенттерге артыкчылык берүү менен жүргүзүлөт. Бөлүнгөн квотадан сырткары бакалавр программасынын биринчи төрт семестринде бардык сабактарын ийгиликтүү тапшырган студенттерге 5-семестрден баштап программага жазылуу укугу берилет.
Сабактарга каттоо иши Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган күнү жүргүзүлөт.
Аныкталган күнү талап кылынган документтер менен каттоо ишин жүргүзбөгөн талапкерлер сабактарга катталуу укугунан ажырашат. Университет толбой калган квоталардын ордуна кошумча студенттерди жайгаштыра алат.
Талапкерлердин арыздары “Педагогикалык сертификат” программасын жүзөгө ашырган бөлүм тарабынан каралат. Программага катышуусу ылайык көрүлгөн талапкерлердин тизмеси факультеттин башкаруу кеңешинин чечими менен Студенттик иштер башкармалыгына жиберилгенден кийин бул башкармалык тарабынан акыркы каттоо иши жүргүзүлөт.
Каттоо үчүн керектүү документтер төмөнкүдөй:
- Студенттик иштер башкармалыгынан алынган каттоо арызынын формасы;
- Бакалавр программасы боюнча окуган сабактарынын тизмеси жана алар боюнча күбөлөндүрүлгөн баалары (транскрипт);
- Факультеттин башкаруу кеңеши талап кылган башка документтер.
Программаны ачуу шарттары
6-берене. Программаны ачуу талабы жыл сайын факультеттин башкаруу кеңешинин чечими менен жаңыланат. Мындан кийин бул чечим ачылышы талап кылынган программа жана анын тармактарына байланыштуу квота бөлүп берүү талабы менен бирге эң кеч май айынын аягына чейин ректоратка жиберилет.
Сабактар жана окуу мөөнөтү
7-берене. Программага ТРнын Жогорку билим берүү комитети тарабынан аталыштары жана кредит-сааттары аныкталган сабактар киргизилген (1-Тиркеме жана 2-Тиркеме). Сабактар сабак убактысынан сырткары дем алыш күндөрү да окутулушу мүмкүн.
Программанын мөөнөтү 2 семестрди түзөт. Сабактар эки семестрге бөлүштүрүлүп, бир окуу жылында аяктала тургандай окутулат. Окуу мөөнөтү ичинде программаны өздөштүрө албаган студенттер университетти бүтүргөндөн кийин эки семестр ичинде программа боюнча окуусун уланта алышат. Аталган программа боюнча сабактарын тапшыра албай калган төртүнчү курстун студенттерине сабактарын бүтүрүү үчүн 2 семестрдик кошумча убакыт берилет. Программанын максималдуу мөөнөтү - төрт семестр.
Окумуштуулар кеңеши туура көргөн жагдайларда жана белгиленген убакыт ичинде сөз болуп жаткан программанын студенттери “Педагогикалык сертификат” программасынын жайкы мектебинде билим алып, окутулган сабактарга катыша алышат. Ошол эле учурда, программаны ишке ашырган бөлүм ылайык көргөн учурда, программа боюнча окуусун уланткан студенттер башка университеттин жайкы семестринен сабак ала алышат. Алынган сабактардын кабыл алынышы жана эквиваленттүүлүгү факультеттин башкаруу кеңеши тарабынан ишке ашырылат.
Факультеттин башкаруу кеңеши
8-берене. Факультеттин башкаруу кеңеши программанын ачылышы жана жүзөгө ашырылышы тууралуу чечим чыгарууга укуктуу жана төмөндө көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга тийиш:
- Педагогика бөлүмүнүн сунушу боюнча окутуучулардын адистиктерин эске алуу менен программага ылайык предметтик мугалимдерди дайындоо;
- Окутуучулар менен программаны ишке ашырууда дайындала турган башка кызматкерлер, мугалимдер жана координаторлор менен байланышкан иштерди жүргүзүү;
- Программага университеттин кайсы бөлүмдөрүнөн студенттер кабыл алына тургандыгын аныктоо;
- Программаны ишке ашыруу үчүн керектүү финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алуу жана аны жүзөгө ашыруу.
“Педагогикалык сертификат” программасын ишке ашырган бөлүм
9-берене. “Педагогикалык сертификат” программасын ишке ашырган бөлүм гуманитардык факультеттин деканынын жетекчилиги астында декандын бир орун басары, педагогика бөлүмүнүн башчысы жана ал сунуштаган беш окутуучунун ичинен декан тарабынан тандалып алынган эки мүчө менен иш алпарат.
“Педагогикалык сертификат” программасын ишке ашырган бөлүмдүн милдеттери төмөнкүдөй:
- Окуу календарын жана окуу планын иштеп чыгуу, аларды ишке ашыруу принциптерин аныктоо, окуу процессин текшерүү, стратегияларды өнүктүрүү, программаларга баа берүү;
- Башка бөлүмдөр менен кызматташтык түзүп, мугалимдердин сабактарын жүгүртмөгө киргизүү;
- Тийиштүү бөлүм жана кишилер ортосунда кызматташтык түзүп, сабактарды жүгүртмөгө ырааттуу жайгаштырууну камсыздоо;
- Сынактардын жүгүртмөсүн түзүү жана аны ишке ашыруу;
- Педагогикалык практика өтүлө турган окуу жайларды аныктоо жана практикадан өтө турган студенттердин тизмесин даярдоо;
- Мектептерге жана класстарга жараша методист-окутуучуларды жана методист-мугалимдерди дайындоо;
- Практикалык иштер үчүн компетенттүү мекемелерден уруксат алуу;
- Деканат тарабынан бериле турган башка милдеттерди аткаруу.
Сабактарга катышуу
10-берене. Ар бир адистик боюнча студенттердин тобуна “Педагогикалык сертификат” программасын ишке ашырган бөлүмдүн башчысынын сунушу, факультеттин башкаруу кеңешинин макулдугу менен куратор дайындалат. Кураторлор студенттердин сабактарга катталуусун текшерип, макулдугун беришет.
Программадагы сабактар, сынактар, окуу-тарбия ишине байланыштуу иш-чаралар жана тартип боюнча маселелер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Программага катышкан студенттер биринчи жуманын ичинде мурда алган сабактардан бошотулуусу үчүн арыз бериши керек.
Жеке менчик окуу жайларында жалпысынан бир жылдан аз убакыт же мамлекеттик мектептерде кеминде эки семестр мугалим болуп иштегендер социалдык камсыздандыруу органдарына катталгандыгын жана башка тийиштүү мекемелерден алган далилдүү документтер менен тастыктап берсе, “Педагогикалык практика” сабагынан бошотулушат. Ошондой эле мамлектеттик жана жеке менчик мектептерде мугалим болуп эмгектенгендигин же Куран үйрөтүү курсунда сабак бергендигин тийиштүү мекемелерден алган документтер менен тастыктап берсе “Педагогикалык практика” сабагынан бошотулушат.
Аталган программа боюнча билим алып жаткан студенттердин сабактарга катталуусу, сабактарга катышуусу, уруксат алуусу, жетишкендиктери боюнча баллдар, сынак жана сынак жыйынтыктары ж.б.у.с. маселелер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” жоболоруна ылайык чечилет.
Программага катталган студенттер аскердик кызмат өтөөдөн бошотулбайт.
Бул программада окутулган сабактар, кредит-сааттары жана жыйынтыктоочу баалары өзүнчө табелде (баллдарынын транскриптинде) берилет.
Негизги адистиги боюнча окуусун бүтүрүп, бирок аталган программада билим алып жаткандар сабакка жана сынакка катышуу укугунан башка укукка ээ эмес.
Кандайдыр бир себептер менен программадан чыгып калган студенттер кааласа ошол күнгө чейинки катышкан сабактардын баллдарынын транскриптин ала алышат.
Программадагы бардык сабактарды ийгиликтүү аяктаган студенттерге ректорат тарабынан “Педагогикалык сертификат” тапшырылат.
Педагогикалык сертификат программасы боюнча бир нече багытта сертификат берилбейт.
“Педагогикалык сертификат” программасына катталган студент кандайдыр бир себептен негизги адистиги боюнча бакалавр программасынан чыгарылса, анда ушул программадан да автоматтык түрдө чыгарылат.
Күчүнө кириши
11берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
12берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобонун 6-беренесине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 10-майындагы 2016-12.46-номерлүү чечими менен өзгөртүү киргизилген.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2015-жылдын 20-январындагы 2015-01.01-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
№ 1-тиркеме. “Педагогикалык сертификат” программасында окутулуучу сабактар
|
Коду |
Сабактын аты |
T |
П |
K |
|
PFP1101 |
Педагогикага киришүү |
2 |
0 |
2 |
|
PFP1102 |
Педагогикалык өлчөө жана билим берүү сапатын баалоо |
2 |
0 |
2 |
|
PFP1103 |
Окутуу принциптери жана методдору |
2 |
0 |
2 |
|
PFP1104 |
Сабакты башкаруу |
2 |
0 |
2 |
|
PFP1105 |
Педагогикалык психология |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ-I* |
Тандалма курс I |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ-II** |
Тандалма курс II |
2 |
0 |
2 |
|
PFP2101 |
Окутуу технологиялары жана окуу материалдарын даярдоо |
2 |
2 |
3 |
|
PFP2102 |
Педагогикалык практика |
2 |
6 |
5 |
|
PFP2103 |
Предметти окутуу методикасы |
2 |
2 |
3 |
|
Жалпы |
|
20 |
10 |
25 |
№ 2-тиркеме. Тандалма сабактардын тизмеси
*: Тандалма сабактардын I-тобундагы сабактар
|
Коду |
Сабактын аты |
T |
П |
K |
|
PFPSEÇ201 |
Индивидуалдаштырылган окутуу |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ202 |
Социалдык тарбия |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ203 |
Педагогика жана билим берүү тарыхы |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ204 |
Педагогикада иш-аракеттеги изилдөө (Action Research) |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ205 |
Окуу-методикалык комплексин иштеп чыгуу |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ206 |
Жаш-курак психологиясы |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ207 |
Мугалимдик кесиптин этикасы |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ208 |
Үзгүлтүксүз билим берүү |

**: Тандалма сабактардын 2-тобундагы сабактар
|
Коду |
Сабактын аты |
T |
П |
K |
|
PFPSEÇ221 |
Компьютердик окутуу технологиясы |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ222 |
Билим берүү философия |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ223 |
Педагогикалык көмөк |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ224 |
Билим берүүдө маалымат технологиялары |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ225 |
Нравалык-баалуулук сапаттарын тарбиялоо |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ226 |
Атайын педагогика |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ227 |
Түрк билим берүү системасы жана мектепти башкаруу |
2 |
0 |
2 |
|
PFPSEÇ228 |
Түрк педагогика жана билим берүү тарыхы |