| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СЫНАК ЖҮРГҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 86 |
| Кабыл алганы | 21.10.2025 |
| Ачкыч сөздөр |
СЫНАК ЖҮРГҮЗҮҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СЫНАК ЖҮРГҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук базасы жана негизги түшүнүктөр
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программаларында жүргүзүлүүчү ара сынак жана жарым жыл-дыктын финалдык сынактарындагы принцип жана негиздерди аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программаларында жүргүзүлүүчү ара сынак жана жарым жылдыктын финал-дык сынактарында колдонулуучу принцип жана негиздерди камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы” жана университеттин башка укуктук ченемдик базасынын негизинде даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети (KTMУ);
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Окумуштуулар кеӊеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊеши;
Декан : Факультеттин деканы;
Мүдүр : Жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектептин мүдүрү;
Академиялык түзүм : Факультет, жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектеп;
Башкаруу кеӊеши : Академиялык түзүмдөрдүн Башкаруу кеӊеши;
Бөлүм/Программа : Факультет, жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектептердин бөлүм жана программалары;
Академиялык календарь : Университеттин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программаларынын академиялык календары;
Нускама : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы”
Сынак : Бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программаларында жүргүзүлүүчү ара сынакты жана финалдык сынактарды
билдирет.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Жалпы негиздер
5-берене.
- Сынактар академиялык календарга ылайык же нускамада белгиленген күндөрү өткө-рүлөт. Окумуштуулар кеӊешинин уруксатысыз белгиленген датадан башка күнү сынак өткөргөнгө болбойт.
- Ара сынактардын календары сабактар башталгандан кийин бир ай ичинде жарыяланат.
- Жарым жылдыктын финалдык сынактары өтө турган күндөр сабактар аяктардан эки жума мурда жарыяланат.
- Ара сынактарга жүйөөлүү себептер менен келбегенге кошумча сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилсе, сабактар бүтөөрдөн мурда, жарым жылдыктын финалдык сынактарынын жүйөөлүү себептерден улам берилген кошумча сынактары ошол жарым жылдыктын сабактарды кошуу, алуу процесси болгонго чейин өтө тургандай кылып пландаштырылып, жүргүзүлөт.
- Мамлекеттик сынак жана дипломдук ишти коргоо сынагы академиялык календарда жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген принцип жана негиздерге ылайык жүргүзүлөт.
- Бир гана сабак боюнча сынак жана кошумча сынактар нускамада аныкталган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
- Интернатура сынагы Ветеринария факультетинин башкаруу кеӊеши тарабынан анык-талган негиз жана принциптерге ылайык ишке ашырылат.
- Сынак программалары тийиштүү башкаруу кеӊешинин чечими менен календардык планы бекитилип, бөлүм/программа жетекчиси тарабынан жарыя тактасында жана интернет тармагы аркылуу жарыяланат.
- Ар сынакта предметтик мугалим менен кошо бир байкоочу жооптуу болуп дайындалат.
- Студенттик билети болбогон студенттер сынакка киргизилбейт.
- Компьютерде жүргүзүлгөн практикалык сабактар боюнча (Autocad, “Он манжа ыкмасын колдонуп тамга терүү сабагы, 1C бухгалтерия, Outlook программасы) сынактарда техника-лык себептерден улам сынак жоопторуна толук жооп бербей калган студенттерге компенсация берүү максатында кайрадан сынак өткөрүлүшү мүмкүн.
Сынактан мурда жасала турган иштер
6-берене.
- Сабакка катышпагандыгы үчүн жарым жылдыктын финалдык сынактарына кирбей турган студенттер предметтик мугалим тарабынан сынактан мурда эскертилет жана жоктоо баракчасында белгиленет.
- Сынак залын даярдоо, байкоочу дайындоо, сынактын белгиленген күнү белгиленген саатта өтүшү сыяктуу иштерге бөлүм/программанын жетекчиси жооптуу.
- Сынактан мурда предметтик мугалим же байкоочу тарабынан сынакта колдонула турган эрежелер же сынак канча убакытка созула тургандыгы тууралуу бардык студенттерге угула тургандай кылып эскертилет.
Сынак учурунда жасала турган иштер
7-берене.
- Сынакта студенттерди жоктоо иш-аракети жоктоо баракчасына студенттердин колун койдуруу менен жүргүзүлөт. Сынакта студенттерди жоктоо баракчасы бир эле учурда сынак протоктолу катары саналышы мүмкүн.
- Студенттердин студенттик билеттери сынак учурунда көрүнөө жерде турушу керек.
- Сынак өтүүчү залда студент отурган орун окутуучу же байкоочу тарабынан эч кандай көрсөтмөсү жок эле алмаштырылышы мүмкүн.
- Сынакка кечигип келген студентти сынакка киргизүү же киргизбей коюу предметти окуткан окутуучу тарабынан чечилет. Бирок сынак залынан бир студент чыккандан кийин сынакка сырттан кечиккен студентти киргизүүгө уруксат берилбейт.
- Уруксаты жок сынак залынан чыгып кеткен студент кайрадан сынакка киргизилбейт.
- Зарыл учурда жүйөөлүү себептерден улам, байкоочунун коштоосу менен сынак залынан убактылуу чыгууга уруксат берилет.
- Сынак учурунда уюлдук телефон, компьютер, диктофон ж.б. сыяктуу көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн бере турган ар кандай электрондук аппараттардын студентте болушуна такыр уруксат берилбейт.
- Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерден башка эч кимге кулакчын колдонууга уруксат берилбейт.
- Жазуу түрүндөгү сынактарда фирмалык бланктар колдонулат. Сынактарда бирден көп жооп баракчасы колдонулган учурда тийиштүү академиялык түзүмдүн катчылары тарабынан мөөр басылган, штамп коюлган бош кагаздар колдонулат. Электрондук форматта өткөрүлгөн сынактарда кагаз колдонулбайт.
Сынактан кийинки жасалуучу иш-аракеттер
8-берене.
- Сынак бүткөндөн кийин “Сынак протоколу жана катышуу баракчасына” сабак өткөн окутуучу жана байкоочу тарабынан кол коюлат.
- Сынак учурунда сынак өткөрүүгө терс таасирин тийгизген кандайдыр бир жагдайлар пайда болсо, бул жагдай протокол түрүндө түзүлүп бөлүм/программа жетекчилигине тапшырылат.
- Сынакта студент көчүрүп алган учур катталса, окутуучу жана байкоочу тарабынан сынакта көчүрүү протоколу толтурулуп, бөлүмдүн/программанын жетекчилигине тапшырылат.
- Сынакта колдонулуучу “Сынак баракчасы”, жооп баракчалары жана “Сынак протоколу жана катышуу баракчасы” жарым жылдыктын акыркы күндөрүнөн кеч калтырбай сабак өткөн окутуучу тарабынан тийиштүү бөлүм/программа жетекчилигине сабактын аты, сынактын түрү, сынактын датасы ж.б. маалыматтарды камтыган конверт түрүндө, кол коюлуп тапшырылат. Электрондук түрдө жүргүзүлгөн сынактардын суроолору жана жыйынтыктары тийиштүү бөлүм/программанын жетекчилигинин маалыматтык базасында сакталат.
Орток сабактардын сынактары
9-берене.
- Университетте окутулган орток сабактардын сынактары сабакты окуткан бөлүм/про-грамма жетекчиси же координаторлуктар тарабынан жүргүзүлөт.
- Дистанттык билим берүү жолу аркылуу окуткан орток сабактардын сынактары, дистанттык билим берүү борборунун координаторлугунда тийиштүү бөлүм/программанын жетекчилиги менен бирдикте өткөрүлөт.
- Орток сабактардын сынактары тест аркылуу жүргүзүлгөн учурда бир эле күнү бирден көп сабактан сынак өткөрсө болот.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Башка жоболор
Жобонун тиркемелери
10-берене. Бул жобону колдонууда колдонула турган формалар:
- Сынактардын расписаниясынын формасы (KTMU-FR-OİD-23)
- Сынак протоколу жана катышуу баракчасы (KTMU-FR-OİD-22)
- Сынак баракчасы (KTMU-FR-OİD-24)
Бул бланктар зарыл учурларда ректорат тарабынан туура деп табылган учурда сапатты башкаруу системасынын форматына ылайыктап түзүү шарты менен жаӊыдан түзүлсө болот.
Күчүнө кириши
11-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
12-берене. Бул жобонун ишке ашырылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2017-жылдын 28-мартындагы 2017-06.32-номерлүү чечими менен кабыл алынды.