| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕХНОЛОГИЯНЫ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 88 |
| Кабыл алганы | 20.01.2022 |
| Ачкыч сөздөр |
ТЕХНОЛОГИЯНЫ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕХНОЛОГИЯНЫ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты — Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Технологияны өткөрүп берүү борборунун максаттарына, иш-чараларына, башкаруу органдарынын милдеттерине тийиштүү жол-жоболорду аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Технологияны өткөрүп берүү борборунун максаттарына, иш-чараларына, башкаруу органдарынын милдеттерине жана иштөө тартибине тийиштүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын тийиштүү беренелерине ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк «Манас» университети; |
|
Камкорчулар кеңеши:
|
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңеши; |
|
Ректор:
|
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ректору; |
|
Биринчи проректор: |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Биринчи проректору; |
|
Ректорат: |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты; |
|
Окумуштуулар кеңеши: |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши; |
|
ТӨББ |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Технологияны өткөрүп берүү борбору; |
|
Борбордун жетекчиси: |
Технологияны өткөрүп берүү борборунун жетекчиси (ТӨББдүн жетекчиси университеттин долбоорлорду координациялоо башкармалыгын да жетектейт); |
|
Координатор: |
ТӨББдүн координатору; |
|
Модуль: |
ТӨББдүн иш-чараларынын бир бөлүгүн ишке ашыруу боюнча жооптуу түзүм; |
|
Аткаруу кеңеши: |
ТӨББдүн Аткаруу кеңеши; |
|
Академиялык түзүмдөр: |
Университеттин факультеттери, жогорку мектептери, орто кесиптик колледжи, институттары, илимий изилдөө борборлору жана ректоратка караштуу академиялык түзүмдөр |
|
Улуттук долбоор: |
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик же жеке менчик мекемелер жана уюмдар тарабынан колдоого алынган долбоор; |
|
Эл аралык долбоор: |
Кыргыз Республикасындагы эл аралык мекемелер жана уюмдар тарабынан колдоого алынган долбоор; |
|
Өнөр жай тармагындагы долбоорлор: |
Жергиликтүү жана эл аралык өнөр жай тармагы жана башка жеке секторлор тарабынан колдоого алынган илимий изилдөө долбоорлору; |
|
Спин-офф ишканасы: |
Мамлекеттик мекеменин же университеттин интеллектуалдык колдоосу менен түзүлгөн чакан жана жаңы технологияларга негизделген ишканалар. |
|
Стартап: |
Жаңы түзүлгөн жана өнүгүп жаткан ишкердик. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
ТӨББдүн максаттары, иш багыттары, башкаруу органдары, колдоо көрсөтүүчү түзүмдөр
Максаттары
5-берене. ТӨББдүн максаттары төмөнкүдөй:
- Университеттин кызматкерлери тарабынан же алар менен биргелешип ишке ашырылган долбоорлорго колдоо алуу үчүн арыз тапшыруу, аларды жүзөгө ашыруу жана коммерциялаштыруу процесстеринин укуктук, административдик, техникалык жана бюджетине тиешелүү маселелер боюнча билим берүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
- Өнөр жай тармагындагылар жана ишкерлер үчүн билим берүү, таанытуу жана маалымдуулукту жогорулатуу, колдоо көрсөтүү программаларынан пайда алуу боюнча кызматтарды, университет – өнөр жай кызматташтыгынын иш-чаралары, долбоорлорду иштеп чыгуу жана башкаруу, интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчик укуктарды башкаруу жана лицензиялоо, ишкана ачуу жана ишкердик боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
- Университеттин өнөр жай тармагы менен биргелешип жүргүзө турган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштери менен өнөр жай тармагынан алынган билим берүү, тестирлөө жана башка кызматтардын координацияланышын камсыз кылуу.
Иш багыттары
6-берене.
ТӨББ өзүнүн максаттарына ылайык колдоо көрсөтүү программаларынан пайда алуу, билим берүү, таанытуу жана маалымдуулукту жогорулатуу, университет – өнөр жай кызматташтыгы, интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчик укуктарды башкаруу жана лицензиялоо, ишкана ачуу жана ишкердик боюнча төмөнкү тармактарда билим берүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт:
- ТӨББдүн милдеттерине байланыштуу университеттин түзүмдөрүндө жүргүзүлүүчү иш-чараларды координациялоо.
- Университетте иштелип чыккан билимдерди жана технологияларды практикага айландыруу менен алардын коммерциялаштырылышын камсыз кылуу.
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошо турган жана коммерциялаштыруу потенциалы бар тармактар боюнча долбоорлорду аныктоо жана тандалган долбоорлордун бизнес-пландарын иштеп чыгуу.
- Университет – өнөр жай кызматташтыкты өнүктүрүү, кызматташтыктын жаңы түрлөрүн түзүү, өнөр жай тармагына керектүү билимдерди, маалыматтарды жана технологияларды университетте иштеп чыгуу.
- Улуттук жана эл аралык колдоо көрсөтүү фонддоруна байкоо салып, бул фонддорду университетте таанытуу жана алардан көбүрөөк пайда алуу үчүн тренингдерди, семинарларды жана ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу.
- Университетте долбоорду иштеп чыгуу жана башкаруу маданиятын өнүктүрүүгө салым кошуу, долбоорду даярдоо, колдоо алуу үчүн арыз тапшыруу, жүзөгө ашыруу жана мониторинг жүргүзүү процесстеринде колдоо көрсөтүү.
- Илимий изилдөөлөрдү шыктандыруу жана университетте иштелип чыккан долбоорлорду инвесторлорго таанытуу үчүн жыйындарды уюштуруу, таанытуу брошюраларын жана буклеттерин даярдоо.
- Изилдөөлөрдүн натыйжаларынан патенттерди, пайдалуу моделдерди алуу дарамети жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча жыйындарды өткөрүү.
- Долбоордун натыйжаларын лицензиялоо жана коммерциялаштыруу үчүн административдик-укуктук жактан жардам көрсөтүүгө байланыштуу бардык процесстерге байкоо салуу.
- Коммерциялаштыруу потенциалы бар изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана патенттерди тиешелүү улуттук жана эл аралык өнөктөштөргө таанытуу үчүн эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу.
- Лицензиялык келишимдерди түзүү, ишкердикти шыктандыруу жана стартап же спин-офф ишканаларын ачуу.
- Университеттин өнөр жайлык жана интеллектуалдык менчик укуктары боюнча саясатты түзүү жана ишке ашыруу.
- Аткаруу кеңешинин чечими боюнча башка иштерди жүргүзүү.
Башкаруу органдары
7-берене. ТӨББдүн башкаруу органдары – TӨББдүн жетекчиси, ТӨББдүн координатору, модулдар жана алардын жооптуулары, Аткаруу кеңеши жана колдоо көрсөтүүчү түзүмдөр.
Борбордун жетекчиси
8-берене.
- Борбордун жетекчиси Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар окутуучулардын ичинен 3 жылдык мөөнөткө дайындалат.
- Борбордун жетекчиси борбордун максаттарына ылайык иштерди үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүү, бардык иш-чараларды көзөмөлдөө жана контролдоо, күтүлгөн натыйжаларды алуу үчүн ректордун алдында биринчи кезекте жооптуу болот.
- Борбордун жетекчисине көмөк көрсөтүү үчүн университетте толук ставкада иштеген окутуучулардын ичинен ТӨББдүн координатору дайындалат. Координатор борбордун жетекчисинин сунушу боюнча Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан дайындалат.
- Борбордун жетекчиси кызмат ордунда жок болгон учурда анын милдетин координатор, экөө тең кызмат ордунда болбогон учурда иш стажына жараша ТӨББдүн Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен бирөө аткарат. Бул милдетти аткаруу мөөнөтү 6 айдан ашкан учурда борбордун жаңы жетекчиси дайындалат.
Борбордун жетекчисинин милдеттери
9-берене. Борбордун жетекчисинин милдеттери төмөнкүдөй:
- Борборго өкүлчүлүк кылуу;
- Борбордун Аткаруу кеңешине мүчө жана модуль боюнча жооптууларды дайындоо тууралуу ректоратка сунуш киргизүү;
- ТӨББдүн иш-чараларын университеттин стратегиялык планына ылайык уюштуруу жана стратегиялык артыкчылыктарга жараша ишке ашыруу;
- Аткаруу кеңешин жыйынга чакыруу, жыйындарда төрагалык кылуу жана кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу;
- Борбордун жалпы абалы, иштөө тартиби, Аткаруу кеңеши тарабынан даярдалган жана жүзөгө ашырылган иш-чаралары тууралуу отчетту ар бир окуу жылынын аягында жана талап кылынган учурда ректоратка тапшыруу;
- Университетте жүргүзүлүп жаткан долбоорлорго катышкан ТӨББдүн жана бардык түзүмдөрдүн, комиссиялардын, кеңештердин, долбоордук топтордун жана административдик кызматкерлердин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;
- Улуттук жана эл аралык мамлекеттик/ жеке менчик мекемелер жана өнөр жай ишканалары менен биргелешип өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча иштелип чыккан келишимдерди ректоратка сунуштоо;
- Университеттин тийиштүү ченемдик-укуктук документинде каралган башка милдеттерди аткаруу;
- Университеттин Долбоорду координациялоо башкармалыгын жетектөө;
- ТӨББдүн Илимий изилдөө долбоорлорун баалоо комиссиясы менен макулдашып иштешин камсыз кылуу.
Координатордун милдеттери
10-берене. Координатордун милдеттери төмөнкүдөй:
- Долбоорлорду ишке ашырууда координациялоону камсыз кылуу.
- ТӨББдүн бир жылдык иш планын даярдоо жана жетекчинин бекитүүсүнө сунуштоо.
- ТӨББдө аткарылган иштердин ырааттуу болушун жана бардык деңгээлдеги кызматкерлердин натыйжалуу иштешин камсыз кылууда жетекчиге көмөк көрсөтүү.
- Башкарууну жана тажрыйба алмашууну камтыган долбоорду башкаруу боюнча тренингдерди багыттоо.
- Өнөр жай тармагындагы долбоорлор, технологияларды лицензиялоо жана интеллектуалдык менчик укуктары боюнча тренингдерди жана консультациялык кызматтарды координациялоону камсыз кылуу.
- Университеттин окутуучулары тарабынан тапшырылган бардык арыздар жана кабыл алынган бардык долбоорлор менен окутуучулар тарабынан алынган "Интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчик укуктар" боюнча "маалыматтык базаларды" түзүүнү камсыз кылуу.
- ТӨББдүн натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатуу максатында учурдагы өнүгүүлөргө байкоо салуу менен ТӨББдүн иштеши жана түзүмү жөнүндө альтернативдүү пландарды жетекчиге сунуштоо.
Модулдар жана алардын иш багыттары
11-берене. ТӨББ өз иш-чараларын жетекчиге баш ийген беш модулдан турган түзүмдүн жардамы менен жүргүзөт. Модулдар жана алардын иш багыттары төмөнкүдөй:
1) Модуль 1 (Маалымдуулук, таанытуу, маалымат жана билим берүү модулу): маалымдуулукту жогорулатуу, таанытуу, маалымат жана билим берүү кызматтарынын алкагында университет – өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон маалымат берүү, таанытуу жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү, университеттин академиялык билимин жана тажрыйбасын өнөр жай тармагынын керектөөлөрүнө дал келтирүү үчүн бизнес документти иштеп чыгуу.
2) Модуль 2 (Колдоо көрсөтүү программаларынан пайда алуу, долбоорду иштеп чыгуу жана башкаруу модулу): Улуттук жана эл аралык колдоо көрсөтүү фонддорунан пайда алуу боюнча окутуучулар арасында кулактандырууну жарыялоо механизмдерин иштеп чыгуу, университет менен өнөр жай тармагынын ортосундагы долбоорлордун жүзөгө ашырылуусун камсыздоо үчүн окутуучулардын адистик тармактарын таанытууга байланыштуу маалыматтарды жана документтерди даярдоо, долбоорлорду иштеп чыгууну жана келишимдерди түзүүнү колдоо жана долбоордук сынактарды уюштуруу.
3) Модуль 3 (Университет – өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү модулу): Университет – өнөр жай кызматташтыгынын алкагында университеттин илимий потенциалын өнөр жай тармагына өткөрүү менен анын экономикалык баалуулукка айланышына салым кошуу жана ишканаларды илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерге багыттоо аркылуу окутуучу менен өнөр жай тармагындагылардын ортосунда өз ара ишенимге негизделген туруктуу кызматташтыкты камсыз кылуу.
4) Модуль 4 (Интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчик укуктарын башкаруу модулу): Интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчик укуктарын башкаруу жана лицензиялоо кызматтарынын алкагында патент, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү боюнча өтүнмөлөрдү берүү, процесске байкоо салуу, каттоодон өткөн интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчик укуктарын сатуу жана коммерциялаштыруу менен лицензиялык келишимди түзүү, бүт процессте колдоону камсыздай турган кызматтарды көрсөтүү.
5) Модуль 5 (Ишкана ачуу жана ишкердик модулу): Ишкердикти өнүктүрүү жана ишкана ачуу кызматтарынын алкагында университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн жана өнөр жай тармагындагылардын катышуусун уюштуруу менен бизнес тармагын түзүү жана венчурдук фонддорду түзүүнү колдоо, жеке жана венчурдук капиталга жетүү, бизнес ачуу боюнча консультация жана билим берүү кызматтарына байланыштуу иштерди жүргүзүү жана бул маселелер боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иштерин уюштуруу.
Модуль боюнча жооптуулар
12-берене. Модуль боюнча жооптуулар жетекчинин сунушу боюнча Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан университетте толук ставкада иштеген окутуучулардын, адистердин жана административдик кызматкерлердин ичинен дайындалышат. Бирден ашык модулга бир жооптуу киши дайындалышы мүмкүн. Зарыл учурда модуль боюнча жооптуулар өзгөртүлүшү мүмкүн.
Модуль боюнча жооптуулардын милдеттери
13-берене. Модуль боюнча жооптуулардын милдеттери, ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери төмөнкүдөй:
- Университет менен өнөр жай тармагынын ортосунда өзүнүн модулу боюнча байланышты түзүү. Кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана университеттин долбоорлору менен тармактын керектөөлөрүнүн дал келишин камсыз кылуу.
- Модулдун иш-чараларынын ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн координациялоону жана байланышты камсыз кылуу.
- Ар бир модуль боюнча аткарылган иш-чаралар жөнүндө жылдык отчетту даярдап, аны координаторго тапшыруу.
- Модулдарга байланыштуу тармактарда университеттин ичинде жана сыртында ТӨББгө өкүлчүлүк кылуу.
- Координатор менен бирге модулда колдонула турган жалпы иштөө ыкмаларын аныктоо.
- Модулдун алкагында (эгерде болсо) иштеген модулдун кызматкерлеринин ишин уюштуруу жана алардын ишин баалоо жөнүндө координаторго отчет берүү.
Аткаруу кеңеши
14-берене. (1) Аткаруу кеңеши – ТӨББдүн чечим кабыл алуучу органы. Аткаруу кеңеши ТӨББдүн жетекчисинин төрагалыгында координатордон, модулдар боюнча жооптуулардан жана жетекчи тарабынан сунушталган, Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган жана университеттин табигый-техникалык, социалдык-гуманитардык жана медициналык илимдер тармагында толук ставкада иштеген үч окутуучудан түзүлөт. Кызмат мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен мүчөнүн ордуна ошол эле жол-жобонун негизинде жаңы мүчө дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүчө кайрадан дайындалышы мүмкүн.
Аткаруу кеңеши кезектеги жыйындарын үч айда бир жолу өткөрөт. Бирок жетекчи зарыл учурларда Аткаруу кеңешин жыйынга чакырышы мүмкүн. Мындан тышкары аныкталган өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген курамда жыйындар да өткөрүлүшү мүмкүн. Аткаруу кеңеши мүчөлөрүнүн жалпы санынын абсолюттук көпчүлүгү менен чогулат жана чечимдер жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо жетекчинин добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Аткаруу кеңешинин милдеттери
15-берене. Аткаруу кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
- Университеттин кызматкерлери арасында жана өнөр жай тармагында ТӨББдү таанытууга салым кошуу.
- ТӨББдүн иш-чараларын активдештирүүчү түзүмдөрдү түзүүнү жана анын иштөө принциптерин аныктоону камсыз кылуу.
- Университеттин изилдөө саясаты менен максаттарын аныктоо жана жаңыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
- Зарыл учурларда долбоорду башкаруу, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү жана билим берүү иш-чараларынын алкагында кызмат көрсөтүү үчүн жетекчинин сунушу боюнча илимий изилдөө иштерин алып баруу боюнча комиссияларды, түзүмдөрдү жана долбоордук топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алып, ректораттын бекитүүсүнө сунуштоо.
- Иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон учурда кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ректоратка сунуштарды киргизүү.
- ТӨББдү башкаруу жана анын ишмердүүлүгү боюнча жетекчи тарабынан аткарылган бардык иштер тууралуу чечим чыгаруу.
- Тийиштүү ченемдик-укуктук документте каралган башка милдеттерди аткаруу.
Колдоо көрсөтүүчү түзүмдөрдүн милдеттери
16-берене. Стратегиялык пландоо башкармалыгынын милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөнкүдөй:
- Долбоорлор кабыл алынгандан кийин долбоордун жетекчисинин арызы боюнча банк эсебин ачуу жана зарыл билдирүүлөрдү жасоо.
- Долбоордун эсептерине чегерилген жана/же долбоордун өнөктөштөрү тарабынан долбоордун атайын эсептерине которулган суммалардын эсебин жүргүзүү, күнүмдүк, ар айлык жана жылдык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында эсептин банктык эсептер менен салыштырылышын камсыз кылуу жана тиешелүү тараптарга маалымат берүү.
- Долбоордун бюджетинен бөлүнгөн каражаттарга байланыштуу төлөм документтерин текшерүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана тиешелүү тараптарга төлөмдөрдү жасоо.
- Долбоорлорго байланыштуу аванс төлөө жана бухгалтердик эсепке алуу операцияларын жүргүзүү.
- Долбоорлордун алкагында өлкө ичинде жана чет өлкөгө иш сапарларына байланыштуу иш-чаралар менен материалдарды, шаймандарды жана кызматтарды сатып алуу жана тендер өткөрүү, ишканаларга төлөмдөрдү төлөө үчүн чегерүүлөрдү жүргүзүү менен тиешелүү түзүмгө жиберүү.
- Долбоор боюнча чыгашалардын натыйжасында келип чыккан салыктарга, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнө ж.б. төлөмдөргө байланыштуу чегерүүлөрдү тийиштүү долбоордун эсептеринен жүргүзүп, стратегиялык пландоо башкармалыгынын эсебине которууну камсыз кылуу жана бул эсептен тиешелүү жерлерге керектүү төлөмдөрдү жасоо.
- Долбоордун жетекчилери тарабынан талап кылынган аралык жана жыйынтыктоочу отчетторду даярдоо, бүткөрүлгөн долбоорлорду жабуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү.
- Долбоорлорго тиешелүү чегерүүлөрдүн графигин түзүп, аларды түзүмдөргө жөнөтүү жана тиешелүү тараптарга төлөмдөрдү жасоо.
- Долбоордун жетекчилерине долбоордун бюджетин даярдоодо, долбоордун бюджетине байкоо салууда, отчетторду даярдоодо жана финансылык отчетторду толтурууда колдоо көрсөтүү.
- 10)Долбоорлордун алкагында иштеген кызматкерлерге жана студенттерге төлөмдөрдү жасоо.
17-берене. Кадрлар башкармалыгынын милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөнкүдөй:
- Долбоордук иштерге байланыштуу дайындоо иштерин аткаруу.
- Долбоорлордун алкагында иштеген кызматкерлердин жумушка кирүү жана социалдык камсыздандыруу иштерин жүргүзүү.
- Долбоордо иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жана аларды көзөмөлдөө.
18- берене.
Юрист кызматташууларды, консорциум келишимдерин, өнөр жай тармагындагы келишимдерди, тейлөө жана долбоордук келишимдерди жана башка тиешелүү юридикалык маселелерди карап чыгат.
19-берене. Илимий изилдөө долбоорлорун координациялоо бөлүмү (BAP) өзүнүн жобосунун алкагында өз милдеттерин аткарат жана жүргүзүлүп жаткан долбоорлордон алынган билимдерди ТӨББ менен бөлүшөт жана изилдөөлөрдүн артыкчылыктарын аныктоодо өнөр жай тармагынын перспективасын билүү үчүн TӨББ менен кеңешет.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Ар кандай жоболор
Кадрларга болгон муктаждык
20-берене. ТӨББдүн академиялык, административдик, техникалык кадрларга жана адистерге болгон муктаждыгы ректорат тарабынан дайындалган кызматкерлер менен камсыздалат.
Адис төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
- Башкарууну жана тажрыйба алмашууну камтыган долбоорду башкаруу боюнча тренингдерди өткөрүү жана долбоорлордун укуктук процесстерин көзөмөлдөө.
- Улуттук жана эл аралык илимий-изилдөө фонддору тууралуу маалымат берүү, фонддорду колдонуу, өнөктөштөрдү издөө, долбоорлорду иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, даярдоо, бюджетти түзүү, арыз тапшыруу жана аткаруу боюнча билим берүү жана консультациялык кызматтарды координациялоону камсыз кылуу.
Жободо каралбаган жагдайлар
21-берене. Бул жободо каралбаган маселелер боюнча тийиштүү ченемдик-укуктук документтин жол-жоболору жана университеттин Башкаруу кеңеши менен Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонулат.
Күчүнө кириши
22-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнөн кийин күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
23-берене. Бул жобо ректорат тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бул жобо университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 20-январындагы 2022-02.04-номерлүү чечими менен кабыл алынган.