| Аты | КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРИЗМ ЖАНА МЕЙМАНКАНА ИШТЕТҮҮ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН ОКУУ-ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 89 |
| Кабыл алганы | 17.04.2018 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРИЗМ ЖАНА МЕЙМАНКАНА ИШТЕТҮҮ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН ОКУУ-ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Жалпы жоболор
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин окуу-практикалык борборун башкаруу, аны пайдалануу жана колдонуу эрежелерин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин окуу-практика борборун башкаруу, аны пайдалануу жана колдонуу эрежелерин камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
- Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
- Ректор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору;
- Жогорку мектептин мүдүрү : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү;
- Окуу-практикалык борбор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин окуу-практикалык борбору;
- Жогорку мектеп : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Окуу-практикалык борбордун түзүмү жана функционалдык милдеттери
4-берене. Окуу-практикалык борбору жогорку мектепте окутулган кесиптик сабактардын алкагында студенттерге билим берүү жана практика өткөрүү максатына ылайык, универси-теттин академиялык жана административдик кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле университеттин конокторуна жогорку деңгээлде турак жай жана тамак-аш менен тейлөө кызматын көрсөтөт.
Окуу-практикалык борбору төмөндөгү түзүмдөрдөн турат:
- Аткаруу комитети;
- Текшерүү комитети.
Аткаруу комитети
5-берене. Аткаруу комитети төмөндөгү мүчөлөрдөн турат:
- Аткаруу комитетинин төрагасы;
- Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын жетекчиси;
- Координатор-окутуучу;
- Окуу-практикалык борборунун жетекчиси;
- Ректорат тарабынан дайындалган университеттин профессордук-окутуучулук курамынын бир мүчөсү.
Аткаруу комитетинин төрагасы Биринчи проректордун сунушу менен университеттин окутуучуларынын ичинен Ректор тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалат. Аткаруу комитети кеминде үч мүчөнүн катышуусу менен чогулуп, чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу эки добуш катары саналат. Аткаруу комитетинин жыйындарынын күн тартибинде каралчу маселелер Аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан аныкталат.
Аткаруу комитетинин функционалдык милдеттери
6-берене. Аткаруу комитетинин милдеттери:
- Окуу-практикалык борборун башкаруу боюнча жалпы чечимдерди кабыл алуу, практика өткөрүү маселесинде артыкчылыктарды аныктоо жана зарыл болгон башка тийиштүү иш-чараларды көрүү;
- Окуу-практикалык борбордун кадр маселеси боюнча чечимдерин чыгаруу, кызматкер-лердин функционалдык милдеттерин, укук жана жоопкерчиликтерин аныктоо;
- Практикаларды өткөрүү жана кызмат көрсөтүү жобосунун беренелеринде аныкталган тартипте жүргүзүлүүсүн камсыздоо;
- Окуу-практикалык борборунда иштеген кызматкерлерди окутуу, семинарларды уюштуруу, кызматтык дайындоолорго карата чечим чыгаруу;
- Окуу-практикалык борборунда жасалган тамак-аштардын жана көрсөтүлгөн кызматтар-дын наркын аныктап, ректорат тарабынан чечим чыгаруусу үчүн сунуштоо;
- Окуу-практикалык борбордун ишмердигине зарыл болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- Окуу-практикалык борбордо эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын белгилеп, ректораттын чечим чыгаруусуна сунуштоо;
- Окуу-практикалык борбордун карамагындагы материалдарды жана буюм-тайымдарды ченемдик укуктук актылардын негизинде колдонууну камсыздоо.
Текшерүү комитети жана анын милдеттери
7-берене. Текшерүү комитети Биринчи проректордун сунушу менен Ректор тарабынан дайындалган бир төрагадан жана үч мүчөдөн турат. Текшерүү комитети окуу-практикалык борбордун ишмердүүлүгүндөгү киреше жана чыгашаларды текшерүү менен отчет даярдоого жана аны ректоратка тапшырууга милдеттүү.
Окуу-практикалык борбордун жетекчиси
8-берене. Окуу-практикалык борбордун жетекчиси туризм жана мейманкана иштетүү тармагында тажрыйбага ээ кызматкерлердин арасынан жогорку мектептин мүдүрүнүн сунушу жана Биринчи проректордун макулдугу менен Ректор тарабынан дайындалат жана окуу-практикалык борборунда көрсөтүлгөн кызматтар боюнча Текшерүү комитетинин алдында түздөн-түз жооп берет.
Окуу-практикалык борборунун жетекчисинин функционалдык милдеттери жана жоопкерчиликтери
9-берене. Окуу-практикалык борборунун жетекчисинин милдет жана жоопкерчиликтери төмөндөгүлөр:
- Аткаруу комитети кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашыруу;
- Окуу-практикалык борбордун түзүмдөрүнүн иштиктүү иш алпаруусун жүргүзүү;
- Окуу-практикалык борбордун түзүмдөрү арасында координациялоо иштерин алпаруу;
- Окуу-практикалык борбордун турак жай кызматын пайдалана турган конокторду каттоого алуу жана катталгандыгын текшерүү;
- Окуу-практикалык борбордун турак жай кызматын пайдаланган конокторду каттоого алуу жана кызмат акыларды чогултуу;
- Конокторду тынчсыздандырган маселелерге кызыгып, көпчүлүккө ыңгайсыздык жана нааразычылык жараткан жагдайларды Аткаруу комитетине билдирүү;
- Окуу-практикалык борбордун тазалыгына жооптуу кишилердин ишин көзөмөлдөө;
- Окуу-практикалык борборуна тийиштүү ар кандай тамак-аштардын, материалдардын жана жабдыктардын сакталышын камсыздоо, бул ишке жооптуу кызматкерлерди текшерип, коопсуздук маселесинин алдын алуу;
- Окуу-практикалык борборунун киреше жана чыгашаларынын эсеп-кысабын жүргүзүү;
- Окуу-практикалык борборуна келген конокторго орой мамиле жасагандарга эскертүү берип, зарыл учурларда алардын имараттан чыгып кетишин шарттоо;
- Окуу-практикалык борборунда көрсөтүлгөн кызматтарды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кызматкерлердин иш графигин туура пландаштырып, жумуштардын өз убагында аткарылуусуна шарт түзүү;
- Окуу-практикалык борборунда жүргүзүлгөн иш-аракеттерди такай көзөмөлдөө;
- m)Окуу-практикалык борборуна таандык мүлк жана буюмдарга жооптуу кызматкер көп ирет иштен калып же бир топ убакытка чейин жумушка келбеген учурда кызматкердин милдетин жана ага катталган мүлктөрдү башка кызматкерге өткөрүү;
- Ар бир жылдын аягында окуу-практикалык борборго таандык мүлктөрдү санап чыгып, күнүгө алып келинген жана колдонулган мүлктөрдү тактап, финансылык текшерүү жүргүзүү;
- Окуу-практикалык борборунда иш кагаздарды жүргүзүү жана алардын тийиштүү папкаларга салынышын көзөмөлдөп, сакталышын камсыздоо;
- Окуу-практикалык борборундагы каттоо иштеринин жүргүзүлүшүн, колдонулган доку-мент, арыз формаларынын, журналдардын ченемдик актыларга ылайык болушун көзөмөлдөө, иретке келтирүү;
- Өрт өчүрүү эрежесин, өрт өчүрүүчү каражаттарды маал-маалы менен текшерип туруу;
- Белгиленген убакта тамак-аш азыктарына, тазалык кызматына, кир жуучу жайга, каттоо бөлүмүнө жана жалпы башкаруу иш-аракеттерине финансылык текшерүү жүргүзүү;
- Иштин коопсуздугу жана кызматкерлердин саламаттыгы боюнча тийиштүү чараларды көрүү;
- Окуу-практикалык борборунда иштеген кызматкерлердин пландуу медициналык кароодон өтүүсүн камсыздоо жана көз салуу;
- Окуу-практикалык борборунда көрсөтүлгөн кызматтар боюнча Аткаруу комитетине сунуштарды киргизүү;
- Аткаруу комитети тапшырган башка иштерди жүргүзүү.
Координатор-окутуучу
10-берене. Координатор-окутуучу окуу-практикалык борбору менен жогорку мектептин ортосундагы практикалык сабактар жана практикалык иштер боюнча координациялык иштерди жүргүзөт жана борбордо көрсөтүлгөн кызматтарга Аткаруу комитетинин алдында түздөн-түз жооп берет. Координатор-окутуучу жогорку мектептин мүдүрү тарабынан жогорку мектепте толук айлык акы алып иштеген окутуучулардын арасынан сунушталат жана Биринчи проректордун макулдугу менен Ректор тарабынан дайындалат. Окуу-практикалык борбордун иш алпаруусу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр Аткаруу комитетинин көзөмөлү астында координатор-окутуучу жана борбордун жетекчиси тарабынан координацияланып жүргүзүлөт.
Координатор-окутуучунун функционалдык милдеттери жана жоопкерчиликтери
11-берене. Координатор-окутуучунун функционалдык милдеттери жана жоопкерчиликтери:
- Координатор-окутуучу жогорку мектептин практикалык комиссиясы менен бирге окуу-практикалык борборунда практикадан өтө турган студенттердин практикадан үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздайт.
- Окуу-практикалык борборунда практикасын ийгиликтүү аяктаган практиканттын күндө-лүгүн текшерип, жогорку мектептин практикалык иш боюнча комиссиясына маалымат катары атайын отчет даярдайт.
- Окуу-практикалык борборунда практика өтө турган студенттердин жумушка көндүм алышы үчүн багыт көрсөтүүчү (ориентациялык) иштерди жүргүзөт.
- Окуу-практикалык борборунда эмгектенген кызматкерлер менен студенттерге пландуу жыйындарды өткөрүп, ишке карата баа жана жалпы маалымат берүү иштерин алып барат.
- Окуу-практикалык борборунда эмгектенген кызматкерлер менен студенттерге керектүү маалыматтарды аныктайт жана билим деңгээлин тереңдетүү багытында иш алып барат.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Окуу-практикалык борборун пайдалануунун жол-жобосу
Окуу-практикалык борборун пайдалануу жолу жана мөөнөтү
12-берене.
- Окуу-практикалык борборунун турак жайынан Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү, университет уюштурган симпозиум, конгресстерге ж.б. катышуу үчүн Бишкекке келишкен илимпоздор, окутуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү, Кыргызстанга Түркия Республикасынан иш сапары менен келишкен мамлекеттик кызматкерлер, университетте эмгектенген кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү, о.э. ректорат уруксат берген кишилер колдоно алышат. Окуу-практикалык борборунун тамак-аш менен тейлөө кызматынан жогорудагылардан сырткары университеттин кызматкерлерине келишкен коноктор да пайдалана алышат.
- Окуу-практикалык борборунун турак жайын колдонуу кыска мөөнөттүү болот жана убактылуу тапшырма боюнча келгендерден, о.э. семинар, конгресс, спорттук жана маданий иш-чаралардан жана табигый кырсыктардан башка учурда 15 күнгө гана бери-лет. Бул мөөнөт эң көп бир жолу узартылышы мүмкүн жана ал тууралуу окуу борборунун жетекчиси кабардар болушу керек.
- Окуу-практикалык борборунун турак жайына жайгашуу үчүн келген коноктор ал жерде иш нөөмөтүн өтөп жаткан кызматкерге туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн же паспортун көрсөтүшү керек. Зарыл учурларда кызматтык тапшырма боюнча келгендигин тастыктаган кагаз да талап кылынышы мүмкүн.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Түрдүү жана акыркы беренелер
13-берене. Окуу-практикалык борбордун финансылык иш-аракеттери университеттин күчүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
14-берене. Бул жободо орун албаган жагдайлар боюнча күчүндөгү ченемдик актылардын негизинде иш жүргүзүлөт.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул жобо ректорат тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги 2018-06.39-номерлүү чечими менен кабыл алынган.