| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ТИЛДҮҮ ЖАНА БООРДОШ МАМЛЕКЕТТЕРДЕН СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА КАТТОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 91 |
| Кабыл алганы | 21.10.2025 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ТИЛДҮҮ ЖАНА БООРДОШ МАМЛЕКЕТТЕРДЕН СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА КАТТОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Жалпы жоболор
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Түркиянын жана Кыргызстандын жарандарынан тышкары түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча университеттен окууну каалаган студенттерди кабыл алуунун жол-жобосун жана принциптерин аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Түркиянын жана Кыргызстандын жарандарынан тышкары түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча университеттен окууну каалаган студенттерди кабыл алуунун жол-жобосун жана принциптерин камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана магистратура программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын тиешелүү беренелерине негизделип даярдалды.
Аныктамалар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
- Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
- Окумуштуулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
- Комиссия : Түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден студенттерди ка-был алуу комиссиясы;
- “Манас” ӨТЖБ : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Комиссиянын түзүлүшү жана анын милдеттери
Түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден студенттерди кабыл алуу комиссиясы

5-берене. Университеттин ректораты тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамы анын төрагасы катары дайындалган окуу-тарбия иштери боюнча проректордон сырткары төрт мүчөдөн турат. Комиссиянын мөөнөтү - бир жыл.
Комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр:
- Талапкер студенттер үчүн тапшыруу шарттарын аныктоо жана арыздарды кабыл алуу;
- Талапкер студенттер үчүн сынактарды уюштуруу;
- Сынактардын жыйынтыгында университетке кабыл алына турган талапкерлерди аныктоо жана аларды Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө сунуштоо;
- Университетке кабыл алынган студенттер үчүн тил үйрөтүү курсунун аягында өткөрүлүүчү бөлүмдү / программаны аныктоо сынагынын жол-жоболорун жыл сайын май айында Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө сунуштоо.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Арыздарды, студенттерди кабыл алуу жана cынактар
Арыздар
6-статья. Арыз кабыл алуунун негизги шарттары:
- Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан башка өлкөнүн жараны болгон талапкерлердин арыздары кабыл алынат.
- Эч бир мамлекеттин жараны эмес жана БУУ тарабынан берилген качкын күбөлүгүнө ээ талапкерлер кайрыла алышат.
- Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык, ар кандай орто жана жогорку билим берүү программаларын аяктаган орто билимдүү / жогорку билимдүү талапкерлердин дипломундагы баасы 100дүк эсептөө системасында кеминде 70 баллды, 10дук системада 7ден кем эмес баллды жана 5тик системада кеминде “4” деген баллды түзгөн талапкерлер кабыл алынат.
- Университетке мурда кабыл алынган жана сабакка келбегендигине, сынактарды тапшыра албагандыгына же дисциплинардык жазага тартылгандыгына байланыштуу окуудан четтетилген талапкерлердин арыздары экинчи жолу кабыл алынбайт.
- Кыргыз Республикасында орто билимге ээ болгон чет элдик талапкерлердин арасынан “Манас” ӨТЖБ же ЖРТ босого баллынан өткөн студенттердин арыздары кабыл алынат.
- Талапкерлер университетке жеке өзү же алардын расмий өкүлдөрү аркылуу, ошондой эле өлкөлөрдүн элчиликтери, келишим түзүлгөн университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кайрыла алышат.
- Арыздардарды кароодо түрк тилдүү мамлекеттердин жана боордош өлкөлөрдүн жарандарына артыкчылык берилет.
Сынактар
7-берене.
- Түркиянын жана Кыргызстандын жарандарынан тышкары боордош мамлекеттер менен катар эле башка өлкөлөрдөн орто кесиптик жана бакалавр программалары боюнча билим алууну каалаган студенттерди университетке кабыл алуу сынагын өткөрүү, баа коюу, сынактын жыйынтыгын чыгаруу комиссия тарабынан аныкталган принциптерге ылайык жүргүзүлөт.
- Комиссия сынактарды жазуу жүзүндө жана / же оозеки түрдө өткөрүү чечимин талапкердин келген өлкөсүнө жараша кабыл алышы мүмкүн.
- Жазуу жүзүндөгү сынактар “Манас” ӨТЖБнын жетекчилиги тарабынан, ал эми оозеки сынактар комиссия тарабынан өткөрүлөт.
- Комиссия университет менен келишим түзүлүп, сынак өткөрүү укугу берилген университеттердин сынак жыйынтыгын таанышы же талапкерлер үчүн кайрадан сынак өткөрүшү да мүмкүн.
Студенттерди кабыл алуу
8-берене.
- Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрликтери тарабынан өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан башка өлкөлөрдөн студенттерди кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тапшыргандар;
- Кыргызстандагы жана Түркиядагы чет өлкөлүк элчиликтер аркылуу тандалган жана комиссия тарабынан өткөрүлчү жазуу жүзүндөгү жана / же оозеки сынакты ийгиликтүү тапшыргандар;
- Университет тарабынан сынак өткөрүү жоопкерчилиги берилген өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан тандалган жана комиссия тарабынан өткөрүлчү жазуу жүзүндөгү жана / же оозеки сынакты ийгиликтүү тапшыргандар;
- Университет түзгөн атайын комиссия тарабынан Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынан тышкары боордош мамлекеттердин жарандары үчүн өткөрүлүүчү сынакты ийгиликтүү тапшыргандар;
- Университетке өзү тапшырып, комиссия тарабынан өткөрүлчү жазуу жүзүндөгү жана / же оозеки сынактан ийгиликтүү өткөндөр университетке кабыл алынат.
Каттоо иши
9-берене. Университетке кабыл алуу комиссиясы тарабынан тандалган талапкерлерди каттоо Окумуштуулар кеңеши бекиткенден кийин Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Университетке өткөн студенттер тил үйрөтүү программасына кабыл алынат. Окуу жылынын башында академиялык календарда аныкталган тилден бошотуу сынактарын тапшырып, окууга милдеттүү болгон тилден (тилдерден) бошотуу сынагын ийгиликтүү тапшырган студенттердин бөлүмдү / программаны тандоосу өз каалоосуна, комиссиянын сунушуна жана Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө ылайык аныкталат жана бул студент тийиштүү бөлүмдүн / программанын биринчи курсуна катталат.
Бөлүмдү / программаны аныктоо сынагы
10-берене.
- Тил үйрөтүү программасын ийгиликтүү аяктаган талапкерлер кабыл алына турган бөлүмдөр жана программалар “Манас” ӨТЖБнын бөлүмдү аныктоо сынагы аркылуу аныкталат.
- Бөлүмдү / программаны аныктоо сынагын өткөрүүнүн жол-жоболору комиссия тарабынан жыл сайын май айында аныкталат жана Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө сунушталат.
- Тил үйрөтүү программасын ийгиликтүү аяктаган жана бөлүмдү / программаны аныктоо сынагынын жыйынтыгы боюнча каалоосуна жараша бөлүмдөргө жана программаларга катталган талапкерлер тиешелүү бөлүмдүн биринчи курсуна катталат.
- Бөлүмдү / программаны аныктоо сынагына катышкандыгына карабастан, тил үйрөтүү программасынан өтпөй калган жана ушул эле программаны кайрадан улантып, ийгиликтүү өткөн студенттер мурунку жылы катталган бөлүмдөн жана программадан окуса болот же кайрадан бөлүмдү / программаны аныктоо сынагына катыша алат.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Күчүнө кириши жана иш жүзүнө ашырылышы
Күчүнө кириши
11-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет.
Иш жүзүнө ашырылышы
12-берене. Бул жобо ректорат тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги 2020-08.26 – номерлүү чечими менен кабыл алынган.